Татьяна Ни

Татьяна Ни

«Мен «Апаке » Фондунун Көзөмөлдөө Кеңешине мүчө болушумдун себеби, менин турмуштук философиям жана баалуулуктарым байыркы «жардам алганга караганда , жардам берүү алда канча артык » деген акылман осуятка таянганымдан болсо керек.

Менин турмуштук тажрыйбамда , өзүм белек алганда эмес, кимдир бирөөгө жардам бергендеги алардын жүзүндөгү кубанычты көрүп, өзүмдү бактылуу сезген учурларым көп кездешет.

ϴлкөбүздө кыйын экономикалык кырдаал өкүм сүрүп турган учурда мындай фонддун түзүлүшү абдан маанилүү. Көптөгөн адамдар бир нерсени эңсемек тургай , күнүмдүк оокатын кантип табуу көйгөйүнө кептелген . Көпчүлүгү эртеңки келечектен үмүт үзүп, адамдардын кайрымдуулугуна ишенбей, жан дүйнөсү кааттанып бүткөн .

Менин оюмча бул коом - элибизге керек учурда жардамга кол сунган, жакшы үмүттөрдү кайтарып берген, коомчулукка жарыгын чачкан коом боло алат. Мен бул коомдун өнүгүшүнө өзүмдүн жөнөкөй адамдарга мээрим төгө билген жөндөмдүүлүгүм жана профессионалдуу билимим менен салымымды кошо аларыма ишенем. 

Менин турмуштук кредом: « Бардык мүмкүнчүлүктү пайдалан, колуңдан келбегенине Жараткан жардам берет»».

Татьяна Ни - тиш дарылоочу терапевт. 20 жылдык врачтык тажрыйбасы бар, жогорку категориядагы дарыгер.

Хоббиси: Китеп окуу, фортепьянодо ойноо жана сүрөт тартуу.

Жылына бир нече жолу Татьяна ыктыярчы-тиш дарыгерлеринен команда түзүп Кызыл - Кыя шаарынын, Сары - Ой айылынын , Каракол шаарынын жакыр үй-бүлөлөрүнө, Нарын шаарындагы балдар үйүнө бекер жардам көрсөтүп келет.

@Tatiana Nee instagram

@Tatiana Nee facebook

@Tatiana Nee telegram

Көмөк