Алмахан Мусаева

Алмахан Мусаева

«Мен «Апаке» Фондунун Көзөмөлдөө Кеңешине өзүм мүчө болгум келди, себеби, мындай фонддор биздин азыркы учурда көптөгөн курч маселерди өкмөткө караганда тез жана сапаттуу чечүүгө жөндөмдүү.  Мамлекет - эң ири институт болуп саналат жана мындай көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт ченеми жетпей калат. Ошондуктан коомубуз бул көйгөйлөрдү сапаттуу жана тез арада чечүүчү институттарга муктаж, мен бул фонддун ошол институттардын бири болоруна ишенем. Мындай адамдардын биримдиги чоң маселелерди чече албаса да, ишти кичинеден баштоосу зарыл .

Өзүм жөнүндө айта кетсем, мен мектеп жетекчисимин. Менин девизим - ар бир ийгиликсиз иш кайрадан өнүгүүгө жол ачат, ошондуктан эч качан артка чегинбөө керек. Жумуш боюнча айта кетсем, көптөгөн башкаруу органдары тарабынан жол тосууларга дуушар болом, мындай учурлар мага өсүштүн жаңы жолдорун издөөгө түрткү берет. Фонд менин ишимдин экинчи баскычы , мен бул жерде тажрыйбам менен бөлүшүп үлгү болгум келет».

Алмахан Мусаева Ош Мамлекеттик Педагогикалык Институтун 1992-жылы аяктаган. 

Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен юристтик кесипке ээ болгон. ϴздүк нотариалдык мекемесинде иш жолун улантып, 2002-2003 жж. «Аналитик» юридикалык агентствосунун Директору болуп дайындалган.

2011-2012 жж. Даниянын качкындар бөлүмү боюнча кеңешинде юрист болуп эмгектенген.

2013-жылдан бери Ош шаарындагы (Эврика) билим берүү комплексинин директору.

«Ош облусунун юристтер биримдигинин» жана «Түштүк нотариалдык палатасынын» мүчөсү.

Ош шаарынын Мэринин, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ош шаардык юстиция башкармалыгынын, «Түштүк нотариалдык палатасынын» ардак баракчаларынын ээси.

 

@Almahan Musaeva instagram

@Almahan Musaeva facebook

 

Көмөк