Алтынай Козубекова

Алтынай Козубекова

«Мен фонддун иш аракеттери тууралуу Бабур Тольбаев менен социалдык тармактардан кат аркылуу пикир алмашкандан кийин, өзүм Фонддун иштерине катышкым келди. Менин аялдардын ден-соолугуна байланышкан ойлорум бар эле. Медициналык багытта кайрымдуулук тармагында иштөө тилегим бул кат алышуудан мурда эле пайда болгон. Бул багытта иш алып баруума менин буга чейин жогорку медициналык билим берүү тармагынан алган профессионалдуу тажрыйбам жана онкологияга байланышкан өз таржымалым түрткү болду. Кээ бир медицина кызматкерлеринин таза эместиги, көз боемочулугу, талап кылынбаган хирургиялык дарылоо жана апырта коюлган диагноздор учурда көп кездешет, тилекке каршы, кээ бир сыркоолордо медициналык маалыматтардын жоктугу, дарыгердин «өкүмүнө» баш ийбей, дарылануунун башка альтернативдүү жолдорун издебегенин да моюнга алышыбыз керек.

Бабур Тольбаевдин Фонддун жетекчилигин сунуштаганы мен үчүн күтүүсүз болду. Мен бул сунушту өтө чоң сыймыктануу менен кабыл алдым жана Фонддун иш-аракеттерин өнүктүрүүдө мага көрсөтүлгөн ишенимди актоого аракеттенем .

Жакында эле мен онкологиялык оорулууларды дарылоо багытында өлкөбүздүн онкологиялык клиникаларынын техникалык жабдыктарын жаңыртсам деп тилек кылдым эле.

@Altynay Kozubekova instagram

@Altynay Kozubekova facebook

@Altynay Kozubekova telegram

Анан эле Фонддун негиздөөчүсүнүн өлкөбүзгө «Линейный ускоритель» орнотуу аракетин билип калдым. Бул максатты ишке ашырууга кошкон салымым «бир тамчы» болгону менен, менин тилегим эбегейсиз! Мен Конфуцийдин : «Турмуштук тажрыйба - биздин басып өткөн жолубузду чагылдырып туруучу шам чырак» - деген акылман сөзүнө кошулам.

Жаңы сунуштар жаңыча аракет , жаңы билим жана жаңы кыймылды талап кылаары белгилүү, мен өзүмдүн «шам чырагым» менен башкалардын жолуна жарык берүүгө даярмын жана ишенем!».

Алтынай Козубекова эки жогорку билимдүү, экөөн тең Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинде кызыл диплом менен аяктаган. Биринчи диплому - француз лингвистикасы .

Француз маданиятын, чет элдик адабият жана тарыхты өздөштүрүү менен бирге, француз тилин терең үйрөнүп, чет элдик классиктердин чыгармаларын өз эне тилинде окуп, анын искусствого, ар бир аткарган ишине чыгармачылык менен мамиле кылуусу калыптанган.

Экинчи диплому - юриспруденция.

Чет элдик студенттер менен иштөө - эл аралык укук программасынын негиздерин, юридикалык билимди өндүрүштө колдоно билүүнү талап кылат.

HR программаcы Алтынайды 2000-жылдары, КР’да жаңы менеджмент тармагы уюмдаша баштаганда , эмгек кодексине тиешелүү мыйзамдардан кабардар болуу үчүн өзүнө тарткан.

Ал өзүнүн ишмердик жолунда алган теоретикалык билими жана практикалык жөндөмү HR менеджмент жана коучингди өздөштүрүүдө пайдасы тийген

Көмөк