Фонд жөнүндө

Биз жөнүндө

"Апаке" коомдук фонду, социалдык-маанилүү долбоорлордун масштабдуулугун,узактыгын ,туруктуулугун камсыздаган , каражатты максаттуу жана айкындуу пайдалануу менен жарандык жана бизнес коомчулугун мобилизациялоонун үлгүсү болгон,коммерциялык эмес ,адистештирилген коом болуп саналат. Биз , социалдык ишмердүүлүктүн өлкөбүз үчүн маанилүү экендигин иш жүзүндө көрсөтүп,пропагандалайбыз.

Презентация "Апаке"_2020

Презентация "Апаке"_2019

Презентация "Апаке"_2018

«Апаке» КФнун негизги шериктеши

«М Булак» микрокредиттик компаниясы «Апаке» коомдук фондунун башкы өнөктөшү болуп саналат. «М Булактын» колдоосу менен фонддун иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. «М Булак» - микрокаржылоо тармагында чоң тажрыйбага ээ,  дасыккан адистерден турган, жогорку коомдук – социалдык жоопкерчиликтүү, прогрессивдүү жана ийгиликтүү команда.

Логотип Компании М Булак

«М Булак», фондду, кайрымдуулук жана өз эрки менен берилген түз салымдар аркылуу колдоп келет.  «М Булак» компаниясынын миссиясында белгиленгендей, компаниянын кызматкерлери «Апаке» фондунун демилгелерине катыштыгы бар экенин сезе билишип, анын өнүгүүсүнө  колунан келген салымын кошуп келишет: мисалы, компаниянын ар бир кызматкери ай сайын фонддун уставдык максаттарына өз каалоолору менен салым кошуп жана долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышышат. «Апаке» КФнун негизги шериктеши.

Биздин аталыш

Биздин Фонд «Апаке» деген аталышты кокусунан тандап алган жок. Апанын элеси ар бир адам үчүн,анын улутуна,динине карабастан ,өзгөчө болуп эсептелет. Апа,өмүр тартуулоо менен бирге эле –ар дайым камкордук көрүп,балдарды коргоп,жардамга муктаж болгондордун кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн,асыл баалуулуктардын булагы. Эненин жүрөгү күн сыяктуу бардык жерде баарыбызга тегиз тийип,өз мээрими менен жылытып турат. Апа гана бизди сүйүүгө,боорукердикке үйрөтүп,балалык бактылуу сезимдерди ойготуп,асыл иштерге шыктандырат. Ал биздин эң мыкты досубуз ,акылман кеңешчибиз. Апа-биздин коргоочу периштебиз. Апанын жан-дүйнөсүн аныктаган ушул сапаттар муундан муунга адеп-ахлактуулуктун пайдубалын орнотуп келет. Апа гана,өзү жашаган коомдун өнүгүүсүнө багыт койгон ,улуттук таанымын ,биримдигин жана кадыр баркын бекемдөөгө умтулган, өлкөбүздүн адептүү жана мекенчил жарандарын тарбиялоодо негизги ролду ойнойт.

Биздин миссия(милдет)

Биз ,бийик максаттуу,асыл умтулуулары бар таза жана өнүккөн коомду курабыз. Биз,жарандык жана бизнес коомчулугун кайрымдуулук маданиятын өнүктүрүү аркылуу мобилизациялап (ишке тартып),социалдык ишмердикти жайылтабыз жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүнү колдойбуз.

Биздин көрөңгө

2022-жылы «АПАКЕ»-Кыргызстандагы №1 Коомдук Фонд, социалдык бизнестин флагманы(жол көрсөтүүчүсү) жана Кыргызстандын жарандарынын жергиликтүү социалдык демилгелерин ишке ашыруудагы адистештирилген шериктеши.Фонддун социалдык долбоорлору туруктуу,сапаттуу жана өлкөбүздүн бардык аймактарынын жашоочуларынын өз алдынча өнүгүү жөндөмүн арттырат.Фонддун автоматташтырылган отчеттуулугу - Борбордук Азия боюнча дүйнө жүзүнүн бардык бурчунан кайрымдуулук каражатын чогултууга шыктандырган ийгиликтүү, жөнөкөй , ыңгайлуу мисалы жана чогултулган каражаттарды айкындуу бөлүштүрүүнүн үлгүсү. 

Биздин логотип

«Апаке» Фонду, бир нече образдарды көрсөткөн логотиптин концептин иштеп чыкты

- Баланы кучактап жана коргоп турган Эненин элеси;

- Оролгон баланын элеси ;

- Ачыла элек гүлдүн элементи - бүтүндүктүн символу

Логотиптин формасы тегерек түрдө болот. Тегерекке жайгаштыруу- биримдикти жана чексиздикти билдирет. Ошондой эле тегерекчеге жайгаштырылган белгилер  сулуулукту символдоштурган гүлдүн элесин эске салат.

Фонддун логотибиндеги Түндүк – өлкөбүздө жашап жаткан элдердин биримдигин жана Ата Журттун белгисин кеңири мааниде берүү менен бирге ааламды символдоштурат.

Элестердин ар түрдүү түсү – ар тараптуулукту жана көп улуттуулукту, ошондой эле Фонддун ишмердүүлүк багытынын кең тармактуулугун символдоштурат.

Пожертвование на социальные проекты

 

 «Апакенин» Гимни  

«Апаке» Фонду , сөзү жана обону Чынгыз Алиевге таандык «Апакенин» Гимнин белекке алды. Биздин кыргызстандык жылдыздар, музыканттар жана ырчылар биздин Гимнди кубануу менен бекер ырдап беришип, биздин Фондго эң сонун чыгармачыл белек тартуулашты.

«Апаке» Фондунун зоболосун арттырууга кошкон салымы жана биздин Гимнди  эң жогорку чеберчиликте аткарып бергендиктери үчүн инструменталдык коштоочу Мария Наумовага,  аранжировкалоочу Эрнест Жоошевге, аткаруучулар Жийдеш Идрисова, Айым Айылчиева, Кайрат Примбердиев, Мирбек Атабеков, Баястан жана Максим Полетаевдерге чоң ырахмат!

Көмөк