Макулдук "Жеке маалымат жөнүндө"

Бул жеке маалыматтарды иштеп чыгууга Макулдук (мындан ары - Макулдук) "Жеке маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 Мыйзамынын, ошондой эле башка Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан.

Мен, КММА, Бабур Тольбаевдин Устат мектеби жана "Апаке" Коомдук Фондунун ортосунда түзүлгөн Меморандумга ылайык, "Үй-бүлөлүк жашоонун маданияты жана натыйжалуу байланыш - дени сак коомдун ачкычы катары" социалдык долбоору боюнча социологиялык изилдөөгө катышууга өзүмдүн ыктыярдуу макулдугумду ырастайм.

Менин жеке маалыматтарымды онлайн анкета аркылуу берүүм, ошондой эле анкетада көрсөтүлгөн маселелер боюнча жеке пикиримди билдирүүм, менин макул экендигимди билдирет:

  1. Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамына ылайык төмөнкү жеке маалыматтарды “Апаке” КФ (мындан ары – “Фонд”) жана/же КММА жана/же Тольбаев Бабурдун Устат мектебине сактоого, иштеп чыгууга  берүү менен чектелбестен: фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), туулган датасы жана жери, каттоо жана иш жүзүндө жашаган дареги, электрондук почта даректери, жарандыгы жөнүндө маалыматтар, жынысы, маалыматтары, өзүнүн сүрөтү жана/же фото/видео жана аудио жазуусу, байланыш телефондору, паспорттун номери, үй – бүлөлүк абалы, билими, адистиги, тилдерди билүүсү жана Колдонуучу берген башка жеке маалыматтар.
  2.  "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык менин жеке маалыматтарымды үчүнчү жактарга берүүгө.
  3. Фонд/КММА / Бабур Тольбаевдин  Устат мектеби Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги  №58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамында көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды иштеп чыгуу принциптерин сактоону камсыз кылат.
  4. Жеке маалыматтар долбоорду ишке ашырууга байланышкан иш-чараларды жүргүзүү жана башка зарыл максаттар үчүн берилет.
  5. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон жана Колдонуучунун каалаган жеке маалыматтарына карата ар кандай аракеттерди ишке ашырууга макулдук берилет, анын ичинде төмөнкүлөр менен чектелбестен: жеке маалыматтарды чогултуу (анын ичинде үчүнчү жактардан маалыматтарды суроо жана чогултуу), жазуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңылоо, өзгөртүү), алуу, пайдалануу, берүү, (жайылтуу, берүү, жетүү), ээсиз кылуу, бөгөттөө, жок кылуу, трансчекаралык өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен башка аракеттерди жасоо.
  6. Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук мен онлайн сурамжылоого катышкан учурдан тартып берилет жана мөөнөтсүз болуп эсептелет жана долбоордун бүткүл мезгилине жайылтылат.
  7. Ушул Макулдукка кол коюу менен мен аны тааныйм жана ушул макулдукта толтурулган жеке маалыматтар анык жана толук болуп саналарын ырастайм.
Көмөк