Лейла Кельдибекова

Лейла Кельдибекова

«Мындай жардамдар учурда абдан көп, бирок башаламандык өкүм сүрүп, адамдар кимге кайрылышаарын билишпейт . Ошондой эле берилген жардамдардын кайда, кандайча жумшалганын көзөмөлгө алуу дагы кыйынчылыкты жаратат. Фонддордун түзүлүшү менен бирге адамдар жок дегенде берилген жардамдардын кайда жумшалганынан маалымат алышып, жыйынтыгынан кабардар болуп турушат.

Тилекке каршы кайрымдуулукту жамынып алган көз боемочулар да жок эмес.

Балким мен өз балдарыма таалим-тарбия берүү менен балдар борборунда алардын өсүп-өнүгүүсүнө, татыктуу билим алуусуна, бактылуу жана ийгиликке жетишкен жарандардан болуусуна шарт түзүү менен алектенип, андан чоң иштерди жүргүзбөсөм керек. Жашоомдо болсо «жакшы » же «эч кандай» деген принципти карманам , анткени бул мени өз ишимди жакшы аткаруума түрткү берет , «эч кандай» деген сөз мени канаттандырбайт .

Менин тилегим - бардык балдар өз үй-бүлөсүндө жашашып, ден-соолуктары чың болсо экен. Адамдардан боорукердик менен түшүнүктүүлүктү күтөм, Ч.Айтматовдун «Адамга күнүгө адам болуу эң кыйын» деген сөзүн туу тутам».

Лейла Кельдибекова Кыргыз – Орус Славян Университетинин юридикалик бөлүмүн аяктаган , кийинчерээк КР’нын Президентинин Башкаруу Академиясынын алдында Бизнес Башкаруу кесибине ээ болгон .

Бир нече жыл ϴкмөттүк эмес уюмдар ( ПРООН) секторунда кызмат өтөгөн.

Бизнес секторунда бизнес багыттары боюнча окуу иштерин жүргүзгөн. 2006-2011 жылга чейин тренинг-менеджер , ЗАО « Альфа Телеком » (Мегаком ) тармактарында адистерди окутуу жана даярдоо менеджери болуп эмгектенген .

2011- 2012 жж . « Sky Mobile» ( «Beeline» ) тармагын өнүктүүрүү боюнча башкы адис.

2012-2013 жж. « Light Fields Management » тармагынын кадрлар бөлүмүнүн аткаруучу директору / Директор.

2013-жылдан тартып азыркы учурда «ДИНО» балдар билим берүү борборунун негиздөөчүсү жана Директору, Кыргызстандын жөө туризм боюнча Союзунун мүчөсү.

@Leila Keldibekova instagram

@Leila Keldibekova facebook

@Leila Keldibekova youtube

@Leila Keldibekova telegram

Көмөк