Айнагуль Самидинова

Айнагуль Самидинова

«Мен «Апаке » Фондунун Көзөмөлдөө Кеңешине мүчө болууга макул болушумдун себеби, фонддун алдыга койгон максаттарын жана тапшырмаларын толугу менен бөлүшүүгө даяр экендигимде. Биздин коомдо жалпы ири пайдалуу иштерди жүргүзүүчү жана ачык-айкын иштөөчү фонддун түзүлүшүнө муктаждык эбак эле пайда болгон. Фонд биздин коомдун өнүгүшү үчүн иштейт, себеби ал эмгеги менен ийгиликтерге жетишкен бир максатты көздөгөн күчтүү адамдарды бириктирип турат.

Бүгүнкү күндө алар эл үчүн кызмат кылууга даяр. Толугу менен ишенүүгө боло турган, адамдарга жардам берүү мүмкүнчүлүгүн жараткан уникалдуу Фонддун түзүлүшүн чын дилден колдойм. Фонд айланасына көптөгөн бактылуу адамдарды чогултарына ишенем, анткени бактылуу адам гана башкалар менен бөлүшүүгө жана жардам берүүгө даяр».

Айнагуль Самидинова Фрунзедеги Политехникалык Институтту аяктаган, андан соң Кыргыз Мамлекеттик Академиясынын Финансы жана Кредит адистигин бүтүргөн .

Менеджмент, коомду өнүктүрүү жана мобилизациялоо, микрофинансылык продукттарды колдонууну иштеп чыгуу, сатуу жолдорун, күтүүсүз кокустуктарды башкаруу жана ички көзөмөл боюнча тренингдерди өткөргөн .

2004-2007 жж. «Компаньон Финансылык группасынын» ЖЧК , Mercy Corps Кыргызстандын түндүк Кыргызстан боюнча бизнес өнүктүрүү тармагынын Директору, 2008-жылдан баштап «Мол Булак Финанс» Микрокредиттик Компаниясынын регионалдык директору .

2010-жылдан бери «М Булак » Микрокредиттик Компаниясынын Аткаруучу Директору.

Кыргызстандын Микрофинансылык Ассоцияциясынын Директорлор Кеңешинин төрайымы жана мүчөсү.

«Жаңы Муунду Колдоо Фондунун» (Кыргызстан) Көзөмөлдөө Кеңешинин мүчөсү.

Микрофинансы тармагында 16 жылдык тажрыйбасы бар. Айнагуль Самидинованын бийик адамдык жана профессионалдык сапаттары өлкөбүздүн микрофинансылык секторунун ийгиликтүү өнүгүшүнүн өрнөктүү өзөгү болуп эсептелет.

@Ainagul Samidinova telegram

Көмөк