Татьяна Воротникова

Татьяна Воротникова

«Апаке» Фондунун Көзөмөлдөө Кеңешине мүчө болушумдун себеби, анткени мен Бабур Тольбаевге ишенимим чоң жана анын ар бир баштаган ишин колдоого даярмын. Бул долбоорго катышканым үчүн сыймыктанам.

Мен үчүн Апа - деген сөз Жер жүзүндөгү үй-бүлө башатын түшүндүрөт . Апа гана бардыгына чыдайт жана эч нерсесин аябайт. Мисалы менин апам мени абдан сүйүп, колдоо менен бирге турмушумда чоң роль ойноду. Ал эми азыр мага өзүмдүн энелик милдетимди аткаруу учуру келди. Дүйнө жүзүндө жалаң гана өз жакындарыңа эмес, жалпы жардамга муктаж адамдарга жардам берип, камкордукка алуучу учур келди.

Мен бул долбоордун алкагында көптөргө мээрим төгүп, көңүл буруу менен бирге финансылык жактан дагы колдоо көрсөтөбүз деп ойлойм. Мен Японияга барып келдим, мага алардын турмушка тарбиялоодогу логикасы абдан жакты.

Мен муну өзүмдүн жашоодогу негизги принцибим катары белгилеп койдум:

  1. эмгекти сүйүү,
  2. чыдамдуулук,
  3. тартип.

Мен бул принциптерди ишимде жана турмушумда колдонгум келет. Ал эми өзүмдүн ишим жөнүндө айта кетсем , Кыргызстандагы эң ири улуттук костюмдар коллекциясын түзгөм жана аларды келечек муун көрсө деп ниеттенем, анткени бул өзүнчө тарых эмеспи. Азыркы доордо жашап жатып, өткөн доордун элестерин жана кээ бир бөлүгүн модага киргизгим келет».

Татьяна Владимировна - «Татьяна Воротникова Арт студиясынын» дизайнери жана жетекчиси.

Дизайнер – модельер, художник. Ал кыргыз улуттук кийимдерин искусствого айланткан. Байыркы кыргыз улуттук кийимдерин шаар турмушунда кийүүгө алгачкылардан болуп ылайыкташтырган. Экспериментатор, кыргыз оюмдарынын билги адиси жана чеберчиликтин ээси, ал байыркы кыргыз кийимдеринин, кыргыз саймасынын коллекциясынын, тилекке каршы, жападан жалгыз түзүүчүсү. 1973-жылы Чуйков атындагы Сүрөтчүлүк окуу жайын аяктаган. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык класстагы окутуучу.

Эл аралык прикладдык искусство көргөзмөлөрүнүн активдүү катышуучусу (Алжир, Ирак , Турция, Франция, Германия, Швеция, Англия, Италия, Кытай, Орусия, Казахстан, ϴзбекстан, Тажикстан).

Эл аралык кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүү жана колдоо уюмдарынын Борбор Азиядагы Ассоцияциясынын – АОПРРЦА ( CACSA ) мүчөсү жана окутуучусу .

Москвадагы (Орусия) эл аралык Дельфин оюндарынын алтын медалынын ээси. AIGUIMIA сыйлыгынын лауреаты .

«Жылдын мыкты этно түзүүчүсү» номинациясына көрсөтүлгөн (Москва, Орусия).

@Tatiana Vorotnikova instagram

@Tatiana Vorotnikova facebook

@Tatiana Vorotnikova youtube

Көмөк