Рано Бабаджанова

Рано Бабаджанова

"Мен «Апаке» Фондунун Көзөмөлдөө Кеңешине мүчө болушумдун көптөгөн себептери бар. Биринчиден, негиздөөчү Бабур Тольбаевдин ой жүгүртүүсү, пландары жана аларды ишке ашыруудагы аракети жагат. Анын жасаган иштери, турмуштук принциптери ишеним жаратат.

Экинчиден, бул тема энелердин , мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын , социалдык коргоого алынбаган адамдар менен балдардын кызыкчылыгын көздөйт.

Биз көбүнчө эң негизги маселе - өлкөнүн жана коомубуздун таза өнүгүшү Апаларга байланыштуу экенин көз жаздымда калтырып келебиз. Жана да аларга керектүү колдоо көрсөтүлбөйт. Апалардын коомдогу орду эбегейсиз зор жана баа жеткис, анткени Апа – биздин сактап жана колдой турган булагыбыз.

Адам кандай чөлкөмдө эмгектенет, ресторан - бизнесиндеби, банк кызматындабы же тигүү жаатындабы, бардык максаттар коомдун өнүгүшүнө пайда алып келиши керек.

Мисалы, мен өзүмдүн бизнесимди алсам, мен ашпозчулук кесипти башкача кырдаалда өнүктүргүм келет. Биздин түшүнүгүбүз боюнча бул кесип башка кесиптер сыяктуу чоң мааниге ээ эмес . Көбүнчө жаштарыбыз бул кесип аркылуу ийгиликтерди багынта албайбыз деп, үйрөнүүнү каалашпайт. Бирок ишенип койгула: Бул кесип көңүл бурууга татыктуу!

Адам бир күндө эки же беш ирет тамактанаары жалпыбызга белгилүү. Адам тамактанып келген, тамактанат жана тамактануусун дагы да улантат. Жана аларды тамактандырган адамдар бар. Ошондуктан дал ушул багытта өнүгүү жаман натыйжа бербейт. Андан тышкары ашпозчулук кесип – төлөмү жогорку иш, ошондуктан мен бул кесипке түшүнүү менен мамиле жасап, туура тамактануунун жолун өнүктүрүүгө салым кошкум келет.

Мен окуганды сүйгөн адаммын, билимдүү адам гана көп нерсеге жетише алат. Бул иште мага Ислам дини абдан жардам берет, себеби ишеним - ар бир адамдын ийгиликке жетишүүсүнүн өзөгү».

Рано Бабаджановна – ресторатор, Кыргызстандагы көптөгөн ири ресторандардын ээси. Кыргызстанда биринчилерден болуп өлкөбүздөгү ашпозчулар биримдигин түзгөн. «Банк кызматы жана бухгалтерлик эсеп» боюнча кесиптин ээси. Москвадан : ресторан тармагын башкаруу, ашкана ишин башкаруу жана кеңири жайылтуу ( «Restteam» компаниясы ) боюнча кошумча билим алган жана «Жетекчиликти өркүндөтүү», «Финансы булактарын эффективдүү башкаруу, сатуунун активдүү бөлүмү » (ATManagement Group) курстарынын угуучусу.

2009 - жылдан ушул кезге чейин «KAYNAR GROUP» ресторан тармактарына кирген : Тюбетейка , Барашек, KAYNAR, FRUNZE ресторандарынын Генералдык директору .

@Rano Babadzhanova instagram

@Rano Babadzhanova facebook

@Rano Babadzhanova youtube

@Rano Babadzhanova telegram

Көмөк