Бабур Тольбаев

Бабур Тольбаев

«Мага жардам суроо иретинде көптөгөн өтүнүчтөр келип түшөт. Мен баарына тең жардам бергим келет, бирок бул мүмкүн эмес. Ошондуктан мен бул маселени комплекстүү чечүү жагын карап чыгып, ушул Фондду түзүү идеясын көтөрүп чыктым. Мен учуру келгенде ар бир инсан өз тапканын башкалар менен бөлүшүүнү үйрөнсө деп тилек кылам. Бул биздин коомдо бирин бири баалоону жаратат.

Бул коом бизге абдан зарыл, анткени энелер - коомубуздун эң активдүү, баа жеткис жана тилекке каршы, эң аялуу бөлүгү болуп эсептелинет. Дүйнө жүзүн энелер кармап турат. ϴлкөбүздү энелер кармап турат. Энелер - биздин башатыбыз, биздин эргүүбүз.

«Ар бир адам өзү өзгөрмөйүнчө , Жараткан анын абалын өзгөртпойт» - деп , мен ар дайым айтып келем. Улуу Жараткандын батасы жана жардамы менен биз өз тарыхыбызды түзөбүз. Адам өз өмүрү үчүн жоопкерчиликти өз колуна ала билиши керек».

Стоуньер атындагы жогорку банк мектебин (Америкадагы банкирлер Ассоциациясынын үч жылдык программасын) аяктаган. Андан тышкары Ош мамлекеттик университетинде (Кыргызстан ) юридикалык жана англис тили боюнча билимге ээ болгон, ошондой эле башкаруу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча (Гарвард Университетинин программасы боюнча, Кембридж, АКШ) сертификаттын ээси.

Бабур Тольбаев «Мол Булак» компаниясынын социалдык-маанилүү иш-чараларына активдүү катышуу менен бирге жаштардын жана балдардын билим алуусун өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурат. Ал бир нече коомдук өнүгүү уюмдарынын жана билим берүү институттарынын жетекчилер кеңешинин мүчөсү, ошондой эле жаш ишкерлер менен активисттердин насаатчысы. «Апаке» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана идеяларынын автору.

@BaburTolbaev instagram

@BaburTolbaev facebook

@BaburTolbaev youtube

@BaburTolbaev telegram

 

 

Көмөк