Арстанбек Момукулов

Арстанбек Момукулов

«Мен «Апаке» Фондунун Көзөмөлдөө Кеңешине мүчө болушумдун себеби, бул мен үчүн кызыктуу. Мен негизи эле оорулуу , жакыр үй- бүлөлөргө жардам берген бардык фонддордун ишин колдойм. Кайрымдуулук - сени башка келүүчү кырсыктардан жана көйгөйлөрдөн сактоочу жагдай . Бул жөнүндө Ыйык Куранда да айтылган .

Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу - бул чоң сыймык. Бул урпактарга мураска калуучу бизнес, бул ишенимдүү финансылык жетишкендик. Бул ийгиликтүү, күчтүү, бир максаттуу инсандардан түзүлгөн чоң команда. Менин ийгиликтерге жетишүүмө өз ишиме берилгендигим себеп болду.

Эгерде мен бир ишти баштасам, сөзсүз түрдө ал ишти «эң жакшы» бүтүрүүгө аракеттенем. Бул менин турмуштук принцибим. Менин жашоомдо жана ишимде алдыга койгон максатым - легендага айлануу. Ал эми менин эң чоң тилегим Европа боюнча автосаякатка чыгуу, апам менен жашай турган чоң, ыңгайлуу, кенен үй куруу».

Арстанбек Момукулов Киевдеги Жогорку Аскердик танка боюнча Инженердик Окуу Жайын, Орусиядагы МЧС Аскер Академиясын, Орусиядагы МЧС Академиясынын адьюнктурасын аяктаган. Ротанын командирлигинен тартып КРнын МЧС нын Башкы оперативдүү бөлүмүнүн жетекчилигине чейин жеткен.

Учурда запастагы полковник, аскер илиминин кандидаты .

КРнын МЧС сыйлыктарынын, «Эрдик» ( Кыргызстандын эң жогорку сыйлыгы ) медалынын,

Кыргыз Республикасынын Президентинин ардак грамотасынын, Россиянын МЧС нын медальдарынын ээси.

«Тяньши» компаниясынын «8 Жылдыз» квалификациясында «Алтын арстан» ардак наамынын ээси, дистрибьютер.

@Arstanbek Momukulov instagram

@Arstanbek Momukulov facebook

@Arstanbek Momukulov youtube

@Arstanbek Momukulov telegram

Көмөк