Биз кышкы жылытуу сезонуна жетиштик!
02 декабря 2019
Биз Араван айылынын арызын аткардык.
Эки кабаттуу бакчанын имаратын жылытууга жарабай калган эски жылыткыч казан пайдаланууга жараксыз болуп, жаңы ишенимдүү кубаттуулуктагы жылытуучу казанга алмаштырылды.
Мындан ары 3 жашка чейинки бөбөктөргө жылуу жана ыңгайлуу болуп, ал эми ата-энелери балдарынын ден-соолугу үчүн кабатыр болушпайт. Бакчанын атынан фондго кайрымдуулук каражаты катары 30 миң сом которулду жана ал каражат ушул объектиге жумшалды.
Урматтуу биздин донорлор, биз сиздерге көрсөткөн жардамыңыздар жана катышканыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Мындан ары бакчанын 100 дөн ашык бөбөктөрү жана бакчанын кызматкерлери жайлуу шарттарда болушмакчы.
Бул объект тууралуу кеңири маалыматты бул жерден окусаңыздар болот!
#проектыфондаапаке #араван #слюбовьюклюдям #учунчукадам