• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

«Апаке» Араван айылындагы балдарга жардам берет

«Апаке»  Араван айылындагы балдарга жардам берет

Жардам алуучу тарап тууралуу

Биз, Ош облусунун Араван айылына сапар алдык. №4 балдар бакчасы 3 жашка чейинки  бөбөктөрдү кабыл алат жана 100дөн ашык  балдарды тарбиялайт. Үстүбүздөгү жылы бакча Фондго кайрымдуулук жардамын сурап  дагы бир ирет кайрылды, бакчанын жетекчиси Махмудова Дильфуза жай айында эле арыз берип, Сынакты күтүп жана колдоого ээ болду.

ϴткөн жылкы «Экинчи кадам» долбоору боюнча, биз бул бакчанын имаратынын чатырын оңдоп, жылуулук берүүчү батареяларын алмаштырып, орнотуп бергенбиз.

Арыз тууралуу

Бизге бул жылы  жалпы жылуулук берүүчү системасынын  жылуулаткыч казандарын  алмаштырууга туура келет.Мурдагы кубаттуулуктун аздыгынан, жылуулук берүүчү казан имараттын жалпы аянтын жылытууга кубаты жетпей, өтө көп көмүр чыгымга учуратылган. Бул маселени чечүү үчүн кайрылуучу тарап болгон күч-аракетин жумшаганы бизди абдан кубандырат.  Бакчанын жетекчиси өз аракети менен ылайыктуу бөдрөтчүлөрдү таап, ата-энелер комитети аркылуу  бул долбоор үчүн 30 миң сом каражат чогултушкан. Учурда, бул маселе иш жүзүнө ашырылып жатат.   Балдарга көрсөткөн  биргелешкен социалдык жардамдын негизинде, суук түшкөнгө чейин имаратты жылытуу көйгөйү чечилет деген үмүттөбүз.

Долбоорду ишке ашыруунун жалпы наркы -279 100 сом.

#учунчукадам #араван #слюбовьюклюдям #проектыфондаапаке

Социальная помощь детям с.АраванОбщественный фонд хочет помочь детям садика №4Помочь детям в Кыргызстане - цель нашего фондаКаждый ребенок в садике будет жить комфортноучастники проекта готовы помочь детямМол Булак помогает оказывать социальную помощь

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О проекте "Учунчу кадам" - в Араване.

Көмөк