• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Баткен облусуна ичүүчү таза суу керек

Баткен облусуна  ичүүчү таза суу керек

Жардам алуучу тарап тууралуу

«Апаке»  Фонду, Баткен облусунун Кадамжай районундагы  Көк-Тал айылына келди.

Бизге, илимпоз агроном, элдик активдүү өкүл,  Асранкулов Мирзалим  жардам сурап кайрылды.  Калкты таза суу менен камсыздоо үчүн  60- жылдары  Көк-Тал айылына суу түтүктөрү орнотулган эле. Бирок, бир нече убакыттан кийин суу түтүктөрү бузулуп калгандыгына байланыштуу,  булактан таза суунун берилиши токтоп калган. 

Андан тышкары, резервуар сынып калып, топтолгон суунун запасы  агып калууда.  Азыркы учурда Көк-Тал айылынын эли, ϴзбекстандын чекарасын бойлой аккан арыктардын суусун ичишүүдө. Сапатсыз сууну пайдалангандыктары үчүн,  айыл эли ар кандай ичеги-карын ооруларына дуушар болушууда, өзгөчө жаш балдар менен улуу муундагы адамдар жабырланышууда.

Арыз тууралуу

Биздин Фонд, суу түтүк тарамдарын оңдоону колго алат: резервуарды оңдойт жана кээ бир бөлүктөрдү алмаштырууга жана жаңы суу түтүктөрүн орнотууга керектелүүчү бардык курулуш материалдарын сатып берет.

Долбоорду ишке ашыруунун  жалпы наркы - 239 500 сомду түзөт. Натыйжада, 600 дөн ашуун адам, өмүргө эң керектүү болгон – таза ичүүчү суу менен камсыз болушмакчы. 

Биз, демилгени көтөрүп чыккан айыл активисттерине  жана бул маселени ишке ашырууда кошкон салымы үчүн  «Мол Булак» Компаниясынын менеджери Кожомбердиев Маратка  ыраазычылык билдиребиз.

#учунчукадам #баткенскаяобласть #проектыфондаапаке #слюбовьюклюдям

Участники проекта оказывают помощь сельским жителям Баткенской областиКаждый ребенок и взрослый нуждаются в чистой питьевой воде

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О проекте "Учунчу кадам" - в Баткенской области

Көмөк