Нур терапия борбору
Нур терапия борбору
Биздин ишибиздин эң маанилүү багыттарынын бири болуп саламаттыкты сактоо тармагы саналат. Биз бул социалдык тармакты изилдеп көрүп онкологиялык ооруулардан жабыр тарткан мекендештерибиздин чечилбеген көйгөйлөрүнө, көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгондоруна күбө боло алдык.
Бул көйгөйлөрдү системалуу түрдө чечүүдө, дүйнөлүк стандартка дал келген сапаттуу нур менен дарылоо шартын миңдеген сыркоолорго түзүп берүү керек .
Мына ушул маселени комплекстүү түрдө чечүүнүн жолун табуу идеясы Фонддун Көзөмөлдөө Кеңешинин Төрагасы Бабур Тольбаевге таандык, ал Кыргызстанга линейный ускоритель алып келүүгө инвесторлорду тартуу жоопкерчилигин өз мойнуна алды.
Онкология боюнча кызмат көрсөтүү жаатындагы бул ачылыш сыркоолордун чет өлкөгө чыкпай туруп өз мекенибизде жогорку технологиялык методдорду колдонуу жолу менен толук сапаттуу радиологиялык дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуна шарт түзөт.
Бул долбоордун алкагында биздин Фонд «Нур менен дарылоо Борбору» ЖЧК түздү .
Дарылоо социалдык багытта, элге жеткиликтүү баада жүргүзүлөт.
Дарылануудан түшкөн каражат клиниканын өнүгүп-өсүүсүнө, рак ооруусун эрте аныкточу технологияларды алып келүүгө, клиниканын медициналык кызматкерлеринин профессионалдык деңгээлин жогорулатууга жана инвесторлордон алынган каражаттарды кайра кайтарып берүүгө жумшалат.
Андан тышкары,Фонддун сайттарында жардамга муктаж сыркоолорду максаттуу дарылоо үчүн элден каражат чогултуучу краудфандингдүү аянтчаларды ачууну пландаштырууда.
Кээ бир сыркоолордун «Нур менен дарылоо Борборунда» дарылануу акысын тез убакытта таап жана сакайып кетишине шарт түзүү үчүн материалдык жардамды, сыркоолордун төлөмдөрдү кайтарып берүүгө жөндөмдүү жакындарына, «Мол Булак Финанс» Микрокредиттик Компаниясы ыңгайлуу шарттардагы насыяларды сунуштайт.
Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар
Архив
Кайрымдуулуктар
Күнү | Реквизиттер (маалымдаректер) | Жыйынтыгы(сом) |
---|---|---|
13.05.2020 | Кирилл | 10.0 |
30.12.2017 | 077001**18 | 70000.0 |
15.09.2017 | 077201**85 | 68738.0 |
14.09.2017 | 07999812**89 | 109845.0 |
14.09.2017 | 077022**77 | 68656.0 |
14.09.2017 | 077033**88 | 68656.0 |