Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн көнүгүү жасоочу заманбап технологиялар.
Биз, Бишкектеги өзгөчө балдардын ден – соолугун жандандыруучу Борборду сенсордук бөлмө менен камсыздайбыз, бул бөлмө Даун оорусу менен жабырланган, угуусу начар, психикалык жактан жетилбей калган жана сезгичтик нервдери бузулган балдардын ден – соолугун жандандырууга колдоо көрсөтмөкчү.
Сенсордук комнатаны заманбап технологиялар жана атайын жабдыктар менен жабдып берүү менен бирге, «Апаке» ата – энелерге жана балдарга, балдардын ден – соолугун чыңдоого колдоо көрсөтөт.