«Күндөлүк» социалдык долбоору – окуу процессин санариптештирүү
"Күндөлүк"
Бул, мектеп окуучуларын, алардын ата – энелерин жана мугалимдерди, билим берүү процессин бирдиктүү электрондук көзөмөлдөө системасына бириктирген биринчи мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.
«Апакенин» билим тармагындагы уставдык максаттарын жүзөгө ашыруу максатында, окуунун жүрүшүн санариптештирүү боюнча улуттук программанын алкагында жана балдардын мектептеги коопсуздугун көзөмөлдөөнү камсыздоо, социалдык багыттагы ишмердүүлүктүн демилгесин колдоо максатында, биздин Фонд, бизнес - өнөктөшүбүз «Медас Холдинг» компаниясы менен ( Кыргызстан) сүйлөшүүлөргө жетишти. Мындайча айтканда, «Медас Холдинг» өз үлүшүнүн 29% бөлүгүн кабыл алууну «Апаке» КФна сунуштады.
Бул факт – түшкөн кирешени аймактардагы социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жана Фонддун Кыргызстан боюнча кайрымдуулук ишмердигине бөлүштүрүүгө кепилдик бермекчи.
«Медас Холдинг» компаниясы «Күндөлүктүн» программалык камсыздоосун иштеп чыгуучу болуп саналат жана окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча коммерциялык кызмат көрсөтүүчү болуп эсептелет.
«Күндөлүк» - билим берүүнүн жабык платформасы, ал маалыматтык коопсуздукка, жеке маалыматтардын жашыруундуулугуна кепилдик берет, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарында документтерди санариптештирүүгө өткөрүүнүн келечектүү альтернативалык жолу болмокчу.
«Күндөлүктүн» башка кызматтардан артыкчылыгы, биринчиден, кыргызстандык иштеп чыгуучулар тарабынан сунушталган биринчи программалык камсыздоо, көз карандысыз жана ийкемдүү саясат, жергиликтүү шарттарга тез жана жеңил ыңгайлашуу, мектептер менен ата-энелердин өтүнүчү боюнча жеке маалыматтарды сактоо платформасынын максималдуу коргоого алынышы.
Азыркы учурда «Күндөлүккө» Кыргызстандын үч облусунун мектептеринен 15 000ге жакын окуучулар катталышты.
«Күндөлүк» долбоорунун максаты – мектептердеги билим берүүнүн жүрүшүн компьютердик санариптештирүүнүн негизинде жакшыртуу, окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө жана эсепке алуу болуп саналат.
Бул долбоорду мектеп процессине киргизүү төмөндөгүлөрдү камсыздайт:
ата-энелер үчүн – өз балдарынын сабакка катышуусун, кайсы жерде жүргөндүгүн, жетишкендигин жана тартибин үйдөн чыкпай эле онлайн көзөмөлгө алуу;
мугалимдер үчүн – электрондук эсеп жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жана электрондук жеке маалымат базасын бирдиктүү аянтчада колдонуу, мамлекеттик мекемелерге ар кандай тышкы отчетторду түзүүдө маалыматтар базасын натыйжалуу колдоно билүү, ошондой эле окуучулардын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн ата-энелер менен өз учурунда биргелешип иш алып баруу;
Мектеп жетекчилиги үчүн – башкаруу куралын колго алуу жана кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө, байкоо жүргүзүү, жетишкендиктердин көрсөткүчүнүн санын анализдөө жана мектептеги окутуунун жүрүшүндө жакшы натыйжаларга жетишүү;
Долбоор боюнча кызмат көрсөтүүнүн тизмегине:
Ата-энелерге ачык онлайн аркылуу кирүүгө мүмкүн болгон, мугалим аркылуу толтуруулуучу жетишкендиктердин электрондук журналы жана
Окуучулардын мектеп имаратына кирип – чыкканын эсептөөчү идентификациялык карточкасы.
Кызмат көрсөтүүнүн баа саясаты бизнести жана социалдык ишмердүүлүктү узак мөөнөткө өнүктүрүүгө багытталган, жана ошондой эле элдин кеңири катмарына жеткирүү менен сарпталган каражаттарды жана бардык операциялык чыгымдарды жабуу жана көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмдүүлүгүнөн аз өлчөмдө пайда табууга негизделген.
«Медас холдинг» компаниясынын дагы бир уюмдашуучусу катары, бөлүнгөн каражатты Кыргызстанда балдар арасында спортту өнүктүрүүгө пайдалануучу "Балдар футбол Академиясы" саналат.
Элге ийгиликтүү кеңири жайылтуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн «Күндөлүк» долбоорун, социалдык өнөктөшүбүз «Мол Булак» компаниясы, өздөрүнүн тармактык бөлүмдөрүн сунуштап жана долбоорду аймактарда жайылтууда колдоо көрсөтөт.
Биздин «Күндөлүк» долбоору боюнча бардык аракетибиз мектеп турмушун жакшыртууга жана өлкөбүздөгү билим берүү системасынын артыкчылыгын жогорулатууга багытталган.
#слюбовьюклюдям #проектыфондаапаке #фондапаке #kyrgyzstan #кундолук #электронныйжурнал
Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар
Это сайт электронного журнала, где можно получить всю нужную информацию - для родителей и директора школы. Кроме этого, через личный кабинет, государарственные ведомства могут видеть статистические и аналитические данные по школам!