• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелгендердин атайын мектебинин балдарына социалдык жардам.

Бишкектеги  мүмкүнчүлүгү чектелгендердин атайын  мектебинин   балдарына социалдык жардам.

Жардам алуучу тарап тууралуу

Имарат,  башталгыч класстар үчүн мектеп катары Бишкек шаарында 1928-жылы курулган экен. 60 –жылдарда мектепти  мүмкүнчүлүгү чектелгендердин атайын мектебине айландырышкан. Бишкекте мындай мектептерден болгону үчөө гана бар.  Азыркы учурда бул мектепте акыбалы оор, эки же үч дарттан жабырланган балдар окушат. Имарат 120 гана окуучуга ылайыкталып салынган, бирок азыркы күндө эки мөөнөт менен 238 бала билим алууда. Кыргызстанда бул мектепте окууну каалаган мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жылдан жылга өсүүдө. Үстүбүздөгү жылы Мектеп, өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан, атайын жардамга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген, ар кандай оору менен жапа чеккен 48 баланы кабыл алды.  Ал эми каражаттын жетишсиздигинен мектепте орун жок болуп, дагы 25 бала кезекте турушат.  Балдарына билим берүү үчүн, ата-энелери атайын Бишкекке көчүп келишкен бир нече учурлар да катталган.  Азыркы учурда мектепте билим алып жаткандардын 40% га жакыны башка аймактардан келген үй-бүлөлөрдөн болуп саналат. Балдардын 80% га жакыны жетишсиз үй-бүлөлөрдөн болгондуктан, баланын бут кийими, кышкы кийимдери жок болуп, кыш мезгилинде мектепке келе да албай калган учурлар жок эмес.

Мектептин сыймыгы катары 36 мугалим эмгектенишет, алар, өз ишин чындап сүйгөн жана активдүү,  атайын билимге ээ – дефектолог-логопеддер. Мектепте негизги сабактардан тышкары чеберчилик, кол өнөрчүлүгү, жыгач устачылык боюнча да сабактар өтүлүп, психологдор эмгектенишет. Мектеп, окуучуларынын спорттук жетишкендиктери менен   атактуу, Мектептин тарбиялануучулары ар кандай эл аралык Спартакиадаларда жеңил атлетика, волейбол, футбол, үстөл үстүндө ойнолуучу теннис, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шашки оюндарында чемпиондуктарга жетишишкен. Андан тышкары, программага, жүрүм-туруму калыптанбагандыктан, коллективде өздөрүн алып жүрө албаган балдарды үйлөрүнө барып окутуу да камтылган.

Арыз тууралуу

«Апаке» Коомдук Фонду балдарга жардам берет жана баштапкы класстын окуучулары үчүн атайын жападан жалгыз дидактикалык материал катары саналган  алиппе китептерин сатып берет, мындан тышкары Мектеп, окуучулар үчүн компьютер жана атайын күнүмдүк таратып берүүчү  материалдарды даярдап берүү үчүн принтерге муктаж. 

Долбоорду ишке ашыруунун жалпы наркы – 111 054 сом.

Биздин социалдык жардам, Бишкектеги №22  атайын мектептин мугалимдеринин күжүрмөн эмгекти талап кылган күнүмдүк иштерин жана окуучулардын билим алуусун жакшыртууга салым кошкону үчүн кубанычтабыз.  

#учунчукадам #бишкек #слюбовьюклюдям #проектыфондаапаке #kyrgyzstan

Библиотека в специальной школе для детей инвалидов в БишкекеСтарый библиотечный фонд требует обновления в спец школе в БишкекеСтолярный класс для детей с ЛОВЗСпортивные достижения это помощь детям инвалидам в реабилитацииДети с ЛОВЗ - на занятиях по рукоделию в БишкекеФонд помощи детям - в школе № 22 в БишкекеБлаготворительная помощь детям с ЛОВЗ Социальная помощь в проекте фонда в БишкекеБуквари для детей с ЛОВЗ в БишкекеПедагоги оказывают помощь детям с ЛОВЗУчастники благотворительной помощи для детей инвалидов в городе Бишкеке

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О проекте "Учунчу кадам" - в Бишкеке

Көмөк