• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Дилбаян жазуу боюнча Республикалык сынак

Дилбаян жазуу боюнча Республикалык сынак

Шахмат федерациясы @chessfederation.kg, Апаке коомдук фонду @apake.kg жана @baburtolbaev атынан “Мен үчүн шахмат…” аттуу мыкты дилбаянга сынак жарыялайбыз.
Дилбаянга шахматка болгон кызыгуусун, интеллектин көрсөткүсү келген, ошондой эле сейрек кездешүүчү ооруга (булчуңдун атрофиясы) чалдыккан Аруузатты сактап калуу үчүн жакшы кыймылдын мүчөсү болгусу келгендердин баардыгы катыша алат.
Сынактын жыйынтыгы боюнча эң мыкты тогуз жеңүүчүгө акчалай сыйлыктар тапшырылат:
1-орун – 20 000 сом
2-орун – 10 000 сом.
3-орун – 5 000 сом.
КОНКУРСТУН ЖАЛПЫ СЫЙЛЫК ФОНДУСУ 105 000 СОМ!

Сынакка катышуунун негизги шарттары:

1. Көрсөтүлгөн тема боюнча 500 сөзгө чейин WORD электрондук форматында орус же кыргыз тилдеринде дилбаян жазуу керек.
2. Дилбаянды толук аты-жөнүңүз менен сактаңыз.
3. Сынакка «Апаке» КФнын профилинин башындагы форма боюнча катталып, дилбаянды тиркеңиз.
4. Аруузат үчүн "Апаке" фондуна 50 сомдон кем эмес кайрымдуулук кылсаңыз, анда Бабур Тольбаев ар бир транзакция үчүн дагы 50 сомдон кошуп берет, башкача айтканда, которуулардын жалпы суммасы эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Аруузатка жардам берүү жолдору каттоо формасында көрсөтүлгөн.
5. Жардам которулгандыгы тууралуу dobro@apake.kg электрондук почтасына билдириңиз.

 

БУЛ ЖЕРДЕН КАТТАЛЫП, ДИЛБАЯНДЫ ТИРКЕСЕҢИЗ БОЛОТ!

Дилбаяндарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү - 2022-жылдын 08-ФЕВРАЛЫ.
Сынактын жыйынтыгын 2022-жылдын 10-мартына чейин жарыялайбыз!

благотворительный проект фонда Апаке по шахматамблаготворительный проект для детейпомощь детям и взрослым

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О Конкурсе сочинений в газете Kaktus

О Конкурсе сочинений в Instagram

О Конкурсе сочинений в Facebook

Результаты проекта можно почитать здесь!

Книгу "МИР ШАХМАТ" можно посмотреть здесь!

Фото галерею с мероприятия можно посмотреть здесь!

Видео презентацию наших победителей сочинений смотрите здесь!

Видео презентацию наших победителей рисунков смотрите здесь!

Видео в инстаграмм смотрите здесь!

Көмөк