• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Талас облусундагы мектеп жылуулатууга муктаж

Талас облусундагы мектеп жылуулатууга муктаж

Жардам алуучу тарап тууралуу

«Апаке» Фонду С. Собуров атындагы  толук эмес орто мектептен кайрылуу алды. Мектеп, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы ϴзгөрүш айылында жайгашкан. Адегенде бул эки гана класска  ылайыкташкан чакан айылдык мектеп эле. Бир нече жыл мурда балдарды окутуу үчүн мектепке дагы кошумча жаңы имарат курулган. Бүгүнкү күндө мектепте  300 гө жакын айылдык балдар билим алышууда.  Бирок, тилекке каршы мектепте от жагуучу жайды курууга каражат жетпей калгандыктан, имарат жылытылбай калган.

Арыз тууралуу

Биз мектепке келгенде, жылытуучу жайдан тышкары мектепте эң жөнөкөй гигиеналык шарттар, даараткана жана кол жуучу жайлардын да жоктугун көрдүк.

Биз чыгымдардын сметасын кайра карап чыгууну чечтик дагы,  короого коомдук даараткана жана кире беришке балдар үчүн кол  жууй турган  жай куруп берүүнү, арызга кошумча киргиздик.

Долбоорду ишке ашыруунун жалпы наркы -250 000 сом.

Ыраазычылык

Биз, Талас облусундагы өнөктөштөрүбүз, менеджерлер Жеенбекова Рабила жана Жунусова Зулхарага,  бул долбоорду ишке ашырууда көрсөткөн активдүү жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Кайрымдуулук көрсөткөн биздин демөөрчүлөргө ырахмат!

#учунчукадам #проектыфондаапаке #талас #слюбовьюклюдям

Дети ждут благотворительную помощь Школа в Таласской области нуждается в помощиДети нуждаются в благотворительной помощиФонд оказывает благотворительность для школьниковУчастники оказывают помощь каждом ребенку школыВ школе нет отопления Фонд поддерживает соц.проект в Таласской области

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О проекте "Учунчу кадам" - в Таласской области 

Көмөк