Мектептер үчүн окуу куралдарын сатып алуу
«Ак –Бата» - бул Бишкектин «Дордой» базарынан алыс эмес жайгашкан, калк жашаган кичи район. Ал жердеги жападан жалгыз мектеп 2008-жылы курулган. Ал мектеп 1-9-класстардын окуучулары үчүн 198 балага ылайыкталып салынган. Бирок бул мектепке коңшулаш «Келечек», «Дордой», «Ак –Жар» жаңы конуштарынан да балдар келип окушуп,жалпы окуучулардын саны 1066 га жеткен.