• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Кыргыз Шахмат Союзу менен өнөктөштүк

Кыргыз Шахмат Союзу менен өнөктөштүк

8-18 жаштагы балдар арасында 2022-жылы Батыш Азия чемпионаты, 2022-жылы жайында Укулхас (Мальдив аралдары) аралында өткөн. Биздин республиканы Кыргызстандын балдар жана өспүрүмдөр курама командасынан 12 шахматчы коргоду. Шахмат коомчулугунун бул чоң иш чарасынын жолго кеткен чыгымдарын биздин фонд өзүнө алды.

Чемпионат үч дисциплина боюнча өттү: классикалык шахмат, рапид жана блиц. Жалпысынан 9 өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Индия, Бангладеш, Шри-Ланка, Мальдив аралдары, Непал жана Пакистандан 180 шахматчы катышты.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы 13 медалга ээ болду.

Классикалык шахмат боюнча чемпионатта 4 медаль (алтын - 1, күмүш - 1, коло - 2)

1-орун - Эржан Жакшылыков (16 жашка чейинки өспүрүмдөр)

2-орун - Юнусов Нурддин (14 жашка чейинки өспүрүмдөр)

3-орун - Дастан Ибраимов (10 жашка чейинки балдар)

3-орун - Поляк Маргарита (8 жашка чейинки кыздар)

Рапид чемпионаты 4 медаль (алтын - 1, коло – 3)

1-орун - Эржан Жакшылыков (16 жашка чейинки өспүрүмдөр)

3-орун - Бекбасарова Нурниса (16 жашка чейинки кыздар)

3-орун - Жунусбекова Аймончок (14 жашка чейинки кыздар)

3-орун - Эмир Шаршенбеков (12 жашка чейинки балдар)

Блиц чемпионаты 5 медаль (алтын - 1, күмүш - 3, коло - 1)

1-орун - Эржан Жакшылыков (16 жашка чейинки өспүрүмдөр)

2-орун - Азиз Дегенбаев (18 жашка чейинки өспүрүмдөр)

2-орун - Эмир Шаршенбеков (12 жашка чейинки балдар)

2-орун - Поляк Маргарита (8 жашка чейинки кыздар)

3-орун - Турсуналиева Нурелина (10 жашка чейинки кыздар)

Эржан Жакшылыков эң мыкты натыйжаны көрсөтүп, Батыш Азиянын абсолюттук чемпиону болду жана эл аралык мастердин нормасын аткарды.

Демөөрчүлүктүн жалпы баасы 1 000 000 сомду түздү.

спонсорская помощь

спонсорская благотворительная помощь детям

благотворительность для детей и молодежи

помощь и поддержка детей в образовании

благотворительный проект для детей

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О проекте в Instagram

Көмөк