• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Кыргызстандын дарыгерлери үчүн ден-соолук майрамы

Кыргызстандын дарыгерлери үчүн ден-соолук майрамы

Бизде Бишкек жана Ош шаарларынан келген,  COVID-19 менен жабырланган бейтаптарды дарылоочу  ооруканаларда  эмгектенген 250 дарыгерлер үчүн 3 күндүк эс алуу уюштурулду.

49 кишиден турган биринчи топ буга чейин эс алып, жакшы маанайда кайтып келишкен. Бүгүн 53 дарыгердин экинчи тобу, резиденттер, студенттер жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бүтүрүүчүлөрү "Барчын" аттуу балдардын ден-соолук комплексинин жээгине жөнөп кетишти. Ден-соолукту чыңдоочу бул долбоордун программасында, Бабур Толбаев, туруктуу стресстик  жана бейтаптардын ден-соолугуна жана өз өмүрүнө коркунуч туудурган шарттарда иштеген катышуучулар үчүн бир күндүк мотивациялык семинар өткөрөт.

Бул долбоор "Аманат фильм" кинокомпаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Айбашовдун колдоо  иретинде бөлгөн 1 миллион сомдун  жардамы менен ишке ашты.

Биз, Нурбекке жана биздин бардык донорлорго ишеними жана Кыргызстан үчүн жакшы иштерге катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Бул долбоор жөнүндө видео сюжет - ЖЕРДЕ!

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

You can watch the video about this project HERE!

Көмөк