• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Сокулук районундагы балдар үчүн атайын спорттук оюн аянтчасы

Сокулук районундагы балдар үчүн атайын спорттук оюн аянтчасы

 Жардам алуучу тарап жөнүндө

«Үчүнчү кадамдын» тандоодон өткөн социалдык долбоорлорунун бири Чүй облусунун Сокулук районунун балдарына арналат. Сунуштун демилгечиси, «Жакшы жашоого укук» коомдук фондунун жетекчиси, бизге экинчи ирет талапкер катары таанымал - Зумрият Резаханова. Бул Борбор, «Жардамга муктаж адамга көмөктөшүү» деген эң жөнөкөй, баарын бириктирген принциптин алдында иш алып барат. ϴткөн жылы биз Борбордун тарбиялануучулары үчүн атайын машыгуучу бөлмө жасап бергенбиз. Ал эми бул жылы, балдар үчүн короодо спорттук оюндарга шарт түзүп берүү муктаждыгы келип чыкты.

Арыз тууралуу

Зумрият арызында мындай деп жазат: «Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылы борбордон 40 км алыс жайгашкан жана «Жакшы жашоого укук» Борбору, бардык ылдыйкы аймактар боюнча  (Нижне-Чуйск, Жаңы-Пахта, Камышановка, Чолпон, Западный жана Восточный  кыштактары) жападан жалгыз борбор болуп саналат. Жаңы-Жер айыл аймагында оор турмуштук абалга дуушар болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен өспүрүмдөр жашашат жана алар эң жөнөкөй социалдык шарттардан толугу менен четте калышып, башкалар менен коомчулукта жөнөкөй баарлашуудан алыс, тийиштүү билимге да ээ эмес, бардык кыйынчылыктарды жеңүүдө да тажрыйбасы жок балдар. Мына ошол себептен аларга таза аба, ачык күндүн алдында, ар бир бала келип, өзүнүн бош убактысын өткөрүп, эс алуучу, балдар үчүн оюн аянтчасын куруу маселеси жаралып отурат. Ар бир эле ата-эне кичинекей балдары менен ден-соолуктарын чыңдоочу жайларга бара алышпайт, ал эми башталгыч мектептин окуучулары айылдан алыс жайгашкан балдар мекемелеринде эс алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ эмес. Ошондуктан, балдар үчүн оюн аятчасы – ар бир айылдын баласы келип эс ала турган, балдардын шаңдуу күлкүсү жаңырган жергиликтүү эс алуу аралчасы болот эле. Ошондой эле бул долбоор жыл бою пайдаланылмак. Кышкысын, чоңдордун жетекчилиги менен кар кишилерди жасап, муз аянтчаларын куруп, балдардын чыгармачылык бурчуна айланмак…» 

Бюджет

Долбоор, Борбордун жана жакынкы айылдардын 100 гө жакын балдарын кучагына алат. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы наркы – 250 000 сом. Иш жүзүнө ашыруу 2020 – жылдын жаз айларына пландаштырылууда.

#учунчукадам #чуйскаяобласть #проектыфондаапаке #слюбовьюклюдям

Благотворительная помощь детям села Жаны-ЖерБлаготворительная помощь улучшит социальную жизнь селаУчастники проекта помогают каждому ребенку села

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О проекте "Учунчу кадам" - в селе Жаны-Жер.

Көмөк