• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

«Башкача жашоону башта!"

«Башкача жашоону башта!"

«Башкача жашоону башта!"

КРнын реконструкция  жана өнүгүү Европалык банкы (EBRD Community Initiative) тарабынан көрсөтүлгөн кайрымдуулук жардамы жана колдоосунун алкагында көзү азиз адамдарды өз алдынча  социалдык жашоо аракетине  көндүрүү боюнча социалдык долбоор.
Долбоор жөнүндө кыскача маалымат:

1. Пайда табуучу: « Кыргыз азиздер федерациясы» Коомдук Бирикмеси

2. Долбоордун максаты:

а. Көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген бойго жеткен адамдарды өз алдынча жашоого  альтернативдик ыкма аркылуу социалдык жана психологиялык  жактан көнүгүүгө окутуу.

b. Долбоордун бүтүрүүчүлөрүнөн тренерлердин санын көбөйтүү аркылуу, көзү азиздер Федерациясынын ишмердигин кеңейтүү.

c. Долбоордун бүтүрүүчүлөрүнө жумуш менен камсыз болуу  мүмкүнчүлүгүн берүү.

3. 1 топтун окуу мөөнөтү – 6 ай.

4. Бир топтогу катышуучулардын саны – 10-12 адам.

5. Топтордун  жалпы саны – 2.

6. Катышуучулардын саны бир жылга – 22 студент.

7. Долбоордун иш-аракетинин мөөнөтү – 2019-жылдын июнунан 2020-жылдын июль айына чейин.

8. Жалпы даярдыктан өткөн инструкторлордун (үйрөтүүчүлөрдүн) саны – 4 адам.

9. «Апаке» КФнан долбоорду каржылоо – 1 600 000 сом.

10. Долбоордун өнөктөштөрү  – EBRD, Мол Булак компаниясы.

Долбоор тууралуу кыскача баяндама:

«Кыргыз азиздер федерациясы» Коомдук Бирикмеси, көзү азиз адамдардын коомдо көнүгүп кетүүсүнө багытталган социалдык долбоорду ишке ашырууга жардам берип жана кайрымдуулук жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Фондго кайрылышкан.

Бардык коркунучтарды, чектөөлөрдү  жана стереотиптерди жеңип өткөн көзү азиз жаштардын активдүү тобу Кыргызстандагы башка көзү азиз адамдарга кадимки адамдар сыяктуу жашоо ырахатын сезе билүүнү үйрөтүшөт.

Кыргызстандын борбору, Бишкекте, Фонд демилгени карап чыгып жана  көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын өз алдынча жашоого болгон активдүүлүгүн колдоду. Биздин активдүүлүк «Кыргыз азиздер федерациясы» КБнин инструкторлору менен бирге, катышуучулар үчүн атайын бекер комплекстүү тренингдерди каржылоого багытталган.

Программа беш сабактан турат: жазуу жана Брайл шрифттери аркылуу окуу – көзү азиздер үчүн атайын техника, узун ак кичке таяк аркылуу мейкиндикте багыт алуу, компьютердик көнүгүүгө үйрөнүү, интернетти жана смартфондорду пайдалануу.

Мындан тышкары жашоо турмушта өзүнө өзү кам көрүүнү да үйрөтүшөт. Буларга: тамак даярдоо, үй жыйноо, кир жуумай жана башка үй тиричилиги кирет. Ошондой эле катышуучулардын жаңыча технологияларды колдоно билүүсү үчүн орус жана англис тилдерин да үйрөтүшөт. Катышуучуларды спортко да тартышат – алар боулинг ойношот, эки кишилик велосипеддерди тебишет, картинг айдашат, тоого чыгууга, сууда сүзүүгө барышат, марафондорго катышышат, чуркашат, коомдук жайларга – ресторан, кафе, кинотеатрларга барышат.

Бул тренингдин аркасы менен, көзү азиз адамдар жашоону башкача сезе башташат. Жаңыча ыңгайлаштырылган технологиялардын, кампустук үлгүнүн негизинде окуу менен  көзү азиз адамдар  өздөрүнө болгон ишенимин арттырып, кесипке ээ болууга умтулуп, башка мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо маанисин жоготкон  адамдарга үлгү болушмакчы.

«Апаке» КФ  Мол Булак компаниясы менен биргеликте, бул программанын перспективалуу жана жөндөмдүү бүтүрүүчүлөрүн андан ары ишке орноштуруу мүмкүндүктөрүн уюштурууну пландаштырууда.

Бул прорамма боюнча окуу менен бирге балдар позитивдүү ой жүгүртүүгө, жашоого жана өз алдынчалыкка үйрөнүшөт. Сабактар күнүгө эртең мененки саат тогуздан кечки алтыга чейин жүргүзүлөт. Бардык сабактар бири бири менен байланышып, окуу пландары катышуучулардын жөндөмүнө жараша түзүлгөн.

Көмөк