• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Мугалим

Мугалим

 Демилге тууралуу

"Мугалим" демилгелүү тобу, консальтинг жана маркетинг тармагындагы прогрессивдүү жаш ишкерлер Айсулуу Жамангулова, Бегимай Абдыжапарова жана Чынара Туратбек кызы, мугалимдердин азыркы өнүктүрүү системасына арналган "Мугалим" Программасынын идеологиялык жаратуучулары болуп калышты. Биздин Фонд, аралыктан окутуу боюнча пилоттук долбоорду колдоп, Кыргызстандагы мектептерде окутуу технологиясын андан ары өркүндөтүү үчүн каражат бөлүп берди.

Долбоордун максаттары жана милдеттери жөнүндө

Биз, мектептин мугалимдеринин кесиптик натыйжалуулугун жогорулатууну көздөйбүз. Эксперттик өнүгүүнүн негизги булагы болуп, колдонуучулардын онлайн платформаларынын ар кандай функционалдарын түзүү жана туруктуу жаңыртуу болуп эсептелет.  «Биринчи Мугалим»  наамына тандоо боюнча жылдык сынакты эл аралык стандартта бүтүндөй өлкөдө өткөрүү, мугалимдерди, мындан ары да өзүн-өзү өнүктүрүүгө шыктандырып жана  кесипкөй чөйрөлөрдө мугалимдин аброюн бекемдемекчи.

Эксперттик жамааттардын күндөлүк онлайн форумдары жергиликтүү жана эл аралык кесиптик байланыштарды бекемдейт.

Долбоордун бюджети жөнүндө

Биздин долбоор 12 айга эсептелинген, даярдануу иштери  2021-жылдын 20-мартынан башталат жана 2022-жылдын апрелине чейин окуу жылын камтыйт. Долбоордун мүмкүнчүлүктөрү жылына 3 миңге жакын катышуучуга мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордун жалпы бюджети 1.5 миллион сомду түзөт.  Биздин фонд,  бюджети 500 миң сомго жакын болгон маркетингди илгерилетүү жагын мойнуна алат.

"Мугалим" программасы, бул мамлекетке жардам берүү үчүн жекече коомдук демилге болуп саналат. Долбоордун жыйынтыгы жана демилгенин ишке ашуусунун натыйжалуулугун баалоо боюнча, программа социалдык ишкердиктин форматына айланат.

Долбоорубуздун жылдык жыйынтыгын Жаңылыктар бөлүмүнөн окуңуз

Общественный фонд помогает учителям

 

Помощь школам и учителям от общественного фонда

благотворительная помощь учителям и школам

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О проекте "Мугалим" на собрании Наблюдательного Совета Фонда "Апаке" читайте - здесь!

Социальная страница проекта - в Instagram!

Көмөк