Муктаждар үчүн дары-дармектер
Долбоор жөнүндө
2021-жылдын июль айында Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын кезектеги толкуну учурунда, Кадамжай аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин (ССМ) кайрылуусун колдодук.
Алыскы аймактарды колдоо максатында биздин фонд Баткен Үй-бүлөлүк Медицина Борборуна гуманитардык жардам көрсөтүп, дары-дармектерди тапшырды. Бул жардамдын көлөмү Баткен облусундагы бардык поликлиникаларга, фельдшердик-акушердик пункттарга бөлүндү.
2022-жылдын май айында Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык Борборунун ачылышында, биздин фонд жүрөк оорусунан жабыркаган балдарды дарылоо үчүн актуалдуу дары-дармектерди тапшырды.
Ошондой эле Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун (БУОГБ) дары-дармекке муктаж болгон, онкологиядан жабырланган бейтаптарына жардам бердик.
Республиканын бардык аймактарында дарыланууга муктаж 350гө жакын адам дары-дармектерди «М Булак» компаниясынын кеңселери аркылуу бекер алышты.
Бюджет жөнүндө
Жардам алгандардын жалпы саны 1466га жакын адамды түзөт.
Дары-дармекке муктаж балдарга жана чоңдорго гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 3 664 490 сомду түздү.
|
Гуманитардык жардам дарылары 2022 |
||
№ |
алуучу |
калкты камтуу (адам) |
Жалпы сумма (сом) |
1 |
Кадамжай ССМ |
101 |
253 688,02 |
2 |
Нарын облустук бириккен ооруканасы |
23 |
57 333,03 |
3 |
Баткен Үй-бүлөлүк Медицина Борбору |
410 |
1 026 066,68 |
4 |
"Алтын Балалык", Чолпон-Ата ш. |
332 |
829 491,30 |
5 |
БУОГБ, Бишкек ш. |
247 |
618 579,38 |
6 |
Физикалык жактар |
352 |
879 331,74 |
|
жалпы |
1 466 |
3 664 490,15 |
Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар
О помощи в Кадамжае - Istagram