Үй-бүлөлүк жашоонун маданияты жана натыйжалуу байланыш – дени сак коомдун ачкычы
Долбоордун тараптары:
Изилдөөгө катышкандар: КММАнын студенттери, профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери.
Демилгечи жана окутуучу: Бабур Тольбаевдин устат мектеби.
Долбоордун уюштуруучусу жана демөөрчүсү: «Апаке» Коомдук фонду «ТМС» ЖЧКсы
Изилдөөнүн максаты:
Изилдөө катышуучулардын ортосундагы никелердин саны жана ажырашуулар боюнча окутуунун натыйжалуулугун изилдөөгө багытталган.
Долбоордун негиздемеси
Профессионалдык өнүгүү, карьера жана каржылык бакубатчылыкка умтулуу процессине сугарылган жаштар, көпчүлүк учурда гармониялуу үй-бүлөлүк мамилелерди кантип куруу жана сактоо керектиги тууралуу зарыл билимге ээ эмес. Азыркы жаштар үй-бүлөлүк жеке мамилелерди түзүү жана сактоодо оор жагдайларга/кыйынчылыктарга дуушар болушуп, бул үй-бүлөлүк жашоого канаттануунун жалпы төмөндөшүнө, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, ажырашуулардын көбөйүшүнө алып келет. (Улуттук Статистика комитетинин 2013-жылдан 2023-жылга чейинки статистикалык маалыматтары).
Долбоор, үй-бүлөлүк мамилелердин маданияты, натыйжалуу баарлашуу жана үй-бүлө түзүү жана бекемдөө үчүн социалдык жоопкерчилик боюнча маалыматтарды талдоо жана окутууларды жүргүзүү аркылуу кырдаалды өзгөртүүгө багытталган.
Бул долбоор медициналык студенттер үчүн өзгөчө маанилүү, анткени инсандар аралык баарлашуу жана психологиялык мамилелерди түшүнүү жөндөмдөрү жеке жашоодо гана эмес, ошондой эле кесиптик ишмердигинде да жардам берип, дарыгер менен бейтаптын ортосундагы байланышты жакшыртуу менен медициналык кызматтын сапатын да жогорулатат.
Долбоордун жалпы мөөнөтү 3 жыл
Күтүлгөн натыйжалар
Бул долбоорду ишке ашыруу ажырашууларды кыскартууга жана үй-бүлө курууну каалагандардын пайыздык өсүшүнө билим берүү программасынын таасирин аныктоого мүмкүндүк берет.
Жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын ЖОЖ студенттери үчүн жалпы билим берүү программаларында үй-бүлөлүк тарбия боюнча атайын факультативдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн негиз боло алат. .
Корутунду
Долбоор КММАнын студенттери жана кызматкерлери үчүн үй-бүлө мамилелери жөнүндөгү билим деңгээлин жогорулатуу гана эмес, ошондой эле жеке жашоосуна да, кесиптик ишмердүүлүгүнө да оң таасирин тийгизген социалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.