• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Балыкчыдагы үй-жайсыз балдардын Кризистик борбору жардамга муктаж!

Балыкчыдагы үй-жайсыз балдардын Кризистик борбору жардамга муктаж!

Жардам алуучу тарап тууралуу

«Үчүнчү кадамдын» кезектеги маселелери дагы балдарга арналат. Оор турмуштук жагдайга дуушар болгон балдар үчүн. Ар бири, оор тагдырынын айынан үй-жайсыз, тамак-ашсыз, моралдык колдоосуз көчөдө калган балдарга арналат. Биз, Балыкчы шаарындагы үй-жайсыз калган балдардын Кризистик борборуна келдик. Жаш жигит, Тынарбек Абамуслимов, «Багыт» коомдук бирикмесинин жетекчиси, кризистик борборду ачуунун демилгечиси, бизди чыныгы мырзаларча тосуп алып, маселени кыскача баяндап берди. Айта кетсек, 2016-жылы Тынарбек жана анын үзөңгүлөш достору, өздөрүнүн тырышчаактыгы жана граждандык активдүүлүгүнүн натыйжасында, мэриядан имарат бөлдүрүп алышып, оор турмуштук жагдайга туш болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды кабыл алуу үчүн, өздөрүнүн күчү менен адамдардын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүшкөн. Балдар, ашкананы ремонттоп жана керектүү буюмдар менен жабдып, коридорду оңдошуп, эски терезелерди пластик терезелери менен алмаштырышып, дааратканаларды  жана ысык суу менен камсыздалган жуунуучу  бөлмөлөрдү орнотушкан. Азыр аларга жашоочу бөлмөлөрдү жакшыртууга жардам керек.

Арыз тууралуу

Фонд, жашоочу беш бөлмөнү ремонттоп, жардам берет.  Биз дубалдарды тегиздеп, көк сыр менен сырдалган тактайларды алып салып, жарык берүүчү асма шыптарды орнотуп, полдорду жана дубалдын капталдарын оңдойбуз. Ремонттон кийин, борбор жылына 100гө жакын адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Долбоорду ишке ашыруунун жалпы наркы – 100 000 сомду түзөт. Биз, бул кайрылууну ишке ашырууга көрсөткөн көмөгү үчүн «Мол Булак» компаниясындагы кесиптештерибизге, Балыкчы кеңсесинин менеджери Эркинова Дарыгүлгө ыраазычылык билдиребиз.

#учунчукадам #балыкчи #слюбовьюклюдям #проектыфондаапаке #issykkul

в городе Балыкчи кризисному центру нужна помощьЖилые комнаты для детей ТЖС нужно отремонтироватьКризисному центру нужна помощьКомнаты для детей ТЖС Коридор кризисного центра отремонтированВанная и туалетная комната для детей кризисного центра г.БалыкчиУчастники проекта готовы помощь детям

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О проекте "Учунчу кадам" - в Балыкчи

Көмөк