• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

"Шахмат сүрөтчүнүн көзү менен" аттуу эң мыкты СҮРӨТКӨ республикалык көркөм сынак.

"Шахмат сүрөтчүнүн көзү менен" аттуу эң мыкты СҮРӨТКӨ республикалык көркөм сынак.

Кымбаттуу окуучулар, студенттер жана чоңдор!

Шахмат Федерациясынын @chessfederation.kg жана Апаке КФнун @apake.kg жана Бабур Тольбаевдин  @baburtolbaev атынан биз "Шахмат сүрөтчүнүн көзү менен" аттуу эң мыкты сүрөткө көркөм Сынак жарыялайбыз.
Эгер Сиз сүрөт тартканды жакшы көрсөңүз, демек сизде терең маанини кагаз бетине түшүрө ала турган талантыңыз бар жана бул эң жакшы эмеспи! Биздин демилгени колдоңуз, ар бир көрүүчү бул күчтүү интеллектуалдык оюндун дараметин сезе билген чыгарманы жаратыңыз.
Сынактын жыйынтыгында эң мыкты 7 жеңүүчү акчалай белектерге ээ болушмакчы:

1-орун – 20 000 сом.

2-орун – 10 000 сомов.
3-орун – 8 000 сомов.
4-орун – 6 000 сомов.
5-орун – 4 000 сомов.
6-орун – 2 000 сомов.
7-орун – 1 000 сомов.

СЫНАКТЫН ЖАЛПЫ БАЙГЕ ФОНДУ 51 000 СОМДУ ТҮЗӨТ!
 Сынактын жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү фонддун социалдык тармактарына жарыяланат!

Эмесе, сынакка катышуунун негизги шарттары:

Темасы: «Шахмат сүрөтчүнүн көзү менен»
Аткаруу техникасы: ар кандай
Сүрөттүн көлөмү: каалагандай
Катышуучуларга талаптар: чектөөлөр жок
Сүрөттөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү – 2022-жылдын 23-февралы

Аткарылган иштин  сүрөтүн (фото) dobro@apake.kg почтасына жөнөтсө болот.

Сүрөттүн түп нускасын - Бишкек ш., Юнусалиев көчөсү, 118 дарегиндеги "Энергия" Бизнес Борбору, "Апаке" фондуна жөнөтсөңүздөр болот. 

Өлкөнүн бардык булуң-бурчтарынан, айыл жана шаарларынан катышкан катышуучулар, сүрөттөрдү “М Булак” компаниясынын жакынкы кеңселерине алып келип тапшырсаңыздар болот. Биздин “М Булак” компаниясындагы өнөктөштөрүбүз Бишкек шаарына жеткирип берүүнү уюштурушат.

Республиканын региондорунан сүрөттөрдү жеткирүүгө "М Булак" компаниясынын кеңселеринин даректери.

1.     Сүрөтүңүздөргө – ФАА, телефон номурун, автордун жаш курагын жазып коюңуздар (сүрөттүн арткы бетине жазсаңыздар болот).
2.     Сүрөттү бузулуп калуудан сактоо иретинде жаап/ороп/каалагандай баштыкка салуу керек.
3.     Сүрөттөрдү “М Булактын” жакынкы кеңселерине  - 2022-жылдын 23-февралына чейин тапшыруу керек.

!! “Апаке” фонду Сынакка катышкан көркөм чыгармалардын бардыгынын автордук укук ээси болуп калаарын эсиңиздерге сала кемекчибиз.  Сиздердин катышууңуздар жана ишиниздердин түп нускасы,  Фонддун жана долбоор боюнча анын өнөктөштөрүнүн укуктук ченемдеринин максаттарына ылайык, сүрөттөрдү жана чиймелерди андан ары пайдаланууга макулдук бере тургандыгын эскертебиз!! Эскретебиз, Сиздин ата-жонунуз созсуз турдо биздин коргозмолордо жана маарекелерде жазылат!!

Бардыгыңыздарга катышып жана чыгармачылык жеңиштерге ээ болууну каалайбыз!

Благотворительный художественный конкурс для детей и взрослых

Благотворительная помощь от фонда

Благотворительный проект фонда Апаке

Помощь детям и взрослым

Благотворительный проект фондаБлаготворительный проект для детей и взрослых

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О Конкурсе рисунков в Instagram

О Конкурсе рисунков в Facebook

Адреса офисов компании "М Булак" для доставки рисунков из регионов страны

Результаты проекта можно почитать здесь

Көмөк