• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Ош облусунун Араван айылындагы бешикүйү (ясли)жылытуу системасына муктаж

Ош облусунун Араван айылындагы бешикүйү (ясли)жылытуу системасына муктаж

Эки кабаттуу мамлекеттик балдар бакчасынын имараты мурда башка максаттарга пайдалануу үчүн курулган. Жылыткыч системасы көмүр менен жылытылып жана жылуулук 20 жыл илгери орнотулган чоюн батареялары аркылуу берилип келген. Жылытуу маалында батареялардын көбүнөн суу агып же болбосо таптакыр иштен чыгып калат. Имарат балдар бакчасына ылайыкталып салынбагандыктан, кээ бир бөлмөлөрдө батареялар жок.

Мындан тышкары, чатырдын ар кайсы жериндеги шыйпырлар да сынып калып, көп жылдан бери суу тамчылап, мунун себебинен чатыр чирип жана жылуулук кармалбайт.

«Апаке» жылуулук системаларын оңдоп берет.

Биз иштен чыккан батареяларды оңдоп, жетпеген жерлерге жаңыларын орнотуп жана чатырдын шыйпырларын темир менен алмаштырып беребиз. 100гө жакын кичинекей тарбиялануучулар, өздөрүнүн жайлуу балдар бакчасында жылуулук жана ыңгайлуулукка ээ боло алышат. Ал эми бизге бул ишти жүзөгө ашырууда,бакчанын адепки көрксүз имаратына жагымдуу жайлуулукту өз колдору менен түзүшкөн бакчанын башчысы менен бирдикте тарбиячылар активдүү жардам беришет. Бул арыздын демилгечиси болуп, кошумча каражат жана ресурстарды активдүү издеген,колунан келген жардамын, убактысын, күчүн аябаган «боорукер» адам жана бул бакчада тарбияланып жаткан балдардын ата – энелери болуп саналат.

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О проекте в селе Араван - на Facebook!

О проекте - Instagram!

Новогодний подарок для садика в селе Араван

Көмөк