• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Боорукердик китепканасы

Боорукердик китепканасы

Боорукердик китепканасы

2017-жылдын апрель айында «Апаке» Коомдук Фонду Баткен облусунун Кулунду айылынын айылдык китепканасын колдоо долбоорун негиздеген.

Баткен облусундагы Кулунду айылы Тажикстан менен чектешет. Кулунду айылынын жашоочулары цивилизациянын булактарынан жетишерлик деңгээлде колдоно алышпайт, бул жерде ысык суу , электр жарыгы , интернетке кошуу тармактарында көптөгөн көйгөйлөр бар. Бирок Кулундуда бир өзгөчө жай бар - ал айылдык китепкана жана Тазагүл Мусаева деген керемет адам. Ал китепканачы жана директор.

Тазагүл жана китепкананын окурмандары - биздин долбоордун каармандары.

Эскилиги жеткен имаратты кароодо жана китептерди сатып алуудагы кыйынчылыктарга карабастан, Тазагүл китепкананы сактап калып, жергиликтүү китеп окурмандар тынбай каттаган ыңгайлуу жана жагымдуу жай түзүүгө жетишкен. Күнүгө жөнөкөй айылдык китепканага көптөгөн балдар жана улуу адамдар келип окуган китептери жөнүндө пикир алмашып, газета- журналдарды окушуп, бири бири менен маек курушат .

Келген окурмандардын баарын билим, маалымат менен камсыздандырып жана жылуу мамилеси, камкордугу менен Тазагүл кубанычтуу тосуп алат. Кээ бир учурларда колундагы жупуну каражатка китеп сатып алуу үчүн Тазагүл Бишкекке жана башка шаарларга барып турат.

Арабызда Тазагүлгө окшогон адамдар биз үчүн баатыр болуп саналат!

Биз Кулунду айылдык китепканасын жана Тазагүл Мусаеваны колдоп, керектүү китептерди сатып берип, интернет байланышына чыгуу үчүн китепканага компьютер коюп берип жана анын жарым жылдык абоненттик төлөм чыгымын өз жоопкерчилигибизге алып, ошондой эле кыш мезгилинде имаратты жылуулук менен камсыздандырууну чечтик.

Ошондой эле, Фонд мектеп окуучуларынын арасында мектеп программасынын көркөм адабияты боюнча чыгармаларга арнап тартылган эң жакшы сүрөттөр конкурсун өткөрүүгө катышат .

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана китепкананын директоруна Фонд 2017 – жылдын октябрь айында Бишкекте өтүүчү маданий иш-чараларга жана Тазагүлгө Кыргыз Республикасынын китепканачыларынын жылына өтүүчү Эл аралык конференциясына катышууга жолдомо берет.

Бул долбоорду көптөгөн мекендештерибиз колдоп жана өздөрүнүн китептерин Фонддун кеңсесине алып келип беришти.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын жашоочуларынан айылдык китепкананын окуучуларына жана жашоочуларына 400’дөн ашык китеп чогултулду.

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

https://apake.kg/ru/news/itogi

Благотворительный фонд Апаке помог библиотеке отдалённого села Кулунду

Көмөк