Кыргызстандагы дарыгерлер үчүн экинчи вебинар
16 августа 2020
Урматтуу окурмандар жана Кыргызстандын дарыгерлери!
Апаке Фонду "COVID-19 менен жабырланган улгайган бейтаптарды дарылоодо дары-дармектерди кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү " аттуу темада экинчи вебинар уюштурду, аны эл аралык өнөктөшүбүз, PhD, доцент, Саламаттык сактоо боюнча ОслоМет Университетиндеги (Норвегия), Илимдер факультетинин Колдонмо фармакология жана фармакотерапия курсунун башчысы, бейтаптардын коопсуздугу жана жекечелештирилген медицина боюнча эл аралык долбоорлордун жетекчиси, спикер Юрий Киселев бекер өткөрдү.
Бул семинарга, ошондой эле "Бейтаптардын коопсуздугу жана индивидуалдуу терапия" аттуу норвегиялык-россиялык долбоорунун эксперти, PhD доктору Ирина Владимировна Старикова катышып, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, биздин вебинардын катышуучуларынын көптөгөн суроолоруна жооп берди.
Вебинардын жазуусун Aпake YouTube каналынан же Фонддун социалдык тармактарынан көрүүгө болот.
Биз менен болгондордун баарына ырахмат! Ден-соолукта болуңуздар!