«Апаке» КФнун казахстандык «Сункар» онкоборбору менен жолугушуусу

«Апаке» КФнун  казахстандык «Сункар» онкоборбору менен жолугушуусу

08 мая 2018

2018-жылдын  7-майында , «Апаке» Коомдук фондунун Көзөмөлдөө кеңешинин төрагасы Тольбаев Бабур жана  «Апаке» КФнун аткаруучу директору Алтынай Козубековалар Алматыдагы казахстандык «Сункар» онкологиялык борборунда болушту. Биздин фонддун, бул медициналык тармактын жетекчилиги менен жолугушуусунун максатын, Кыргызстандагы социалдык багыттагы «Нур терапия борбору» долбоорун биргелешип иш жүзүнө ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо түздү.

Казахстандык «Сункар» медициналык компаниясы, онкологиялык жана башка бейтаптарды дарылоодо, ошондой эле Казахстандын аймагындагы 16 жеке менчик медициналык борборлор менен бейтапканаларды башкаруу жаатында 15 жылдан ашык тажрыйбага ээ.

Андан тышкары, «Сункар» компаниясы , дарыгерлик эксперттик керектөөлөргө таянып, ар кандай дарт менен жабырланган бейтаптардын дартын аныктоочу жана аларды дарылоочу  жогорку технологиялык медициналык жабдыктардын түрлөрү жана керектелүүчү материалдар менен тынымсыз камсыздап турат. «Сункар» компаниясында 1200 дөн ашык ар кандай адистер эмгектенишет жана бейтаптардын www.ocs.kg электрондук базасында  3 миллиондон көбүрөөк адамдар катталышкан.

Бизди, радиология жана нур терапия багыты кызыктыргандыктан, клиниканын башчысы бизди бейтаптын дарылануу жолун кантип баштаганы менен тааныштыруу иретинде сейил курууга чакырды. Таң калыштуусу, биздин сейил, бейтаптарга көрүнбөгөн, бирок аларга сезилген, бейтаптар колдонуучу шейшептерди жогорку температурадагы, атайын аллергендерди пайда кылбоочу кир жуучу порошоктордун өлчөмүн аныктаган, автоматтык түрдө сыгуучу жана термалдык үтүктөөчү кир жуугуч машиналар жайгашкан кир жуучу жайдан башталды. Шейшептердин тазалыгы, эч кандай жагымсыз жыттын жоктугу менен аныкталат.

 Андан соң биз, бейтаптар клиникада дарыланып жаткан учурдагы атайын диеталык тамактарды даярдоочу, биздин көңүлүбүздү бурган таптаза жаңы идиш-аяктар, аларды сактоочу бардык санитардык нормага жооп берген, жайда болдук.

Оорукананын ичинде жана сыртындагы бири – бирине жолтоо болбогон адистердин кыймылы аарынын уюгун элестетет.  Дарыгерлер нөөмөт менен эмгектенишип, ал эми электрондук он – лайн  катталуу жана дарылануу үчүн алдын ала жазылуу бейтаптардын нерви менен убактысын сактоого өбөлгө түзөт экен.

Ал эми азыр дарылоочу бөлүм жөнүндө айта кетсек: бизге, нур менен дарылоого даярдап жаткан онкологиялык бейтаптардын абалын алдын ала текшерүү жүргүзгөн жайга кирүүгө уруксат беришти. Биз, КТ ( компьютердик томограф), МРТ (радио – магниттик резонанс), рентген сүрөтүн даярдоочу рентген аппараты орнотулган дартты аныктоочу бөлүмдө болдук.

Гемодиализ бөлүмүн көрүп чыккандан кийин, адис хирургдун өзүнө да тар сыяктуу, ар кандай хирургиялык кийлигишүүну талап кылган, бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган операция бөлүмүнө бардык.  Ал жерде биз, 8 жаштагы балага ийгиликтүү жасалган операциянын аякташына күбө болдук. Андан соң, азырынча бош турган, бирок бардык учурда бейтаптын абалын жакшыртууга даяр  5 орундуу жандандыруу бөлүмүн көрүп чыктык.  Онкологиялык борбордун короосунда 2 тез жардам  көрсөтүүчү медициналык унаалар таң эртеден шашылыш төрт жолку чакырууга барып, бейтаптарды тейлеп келишти.

Дартты аныктоо жана нур менен дарылоо бөлүмү, онкологиялык борбордогу биздин сейилибиздин эң башкысы болду. Борбордун кире беришинде жөө жана атайын арабалар менен түшүп – көтөрүлүүчү ыңгайлуу тепкич орнотулуптур, бейтаптар кезек күтүп калбоосу үчүн алдын ала жазылуу тизмеси менен кабыл алынат экен.

Бункер 3 метрлик калың дубал менен курчалып, оор темир эшиктер автоматташтырылган кулпу менен бекитилет экен. Биз, дарыгер – радиологдун  нур менен дарылоо жүргүзүп жаткан учуруна туш болуп, бейтапты дарылануучу үстөлгө жаткырып, шишиктин жайгашкан жерин нурландырууга күбө болдук.  Биз, пульт менен башкарылуучу космостук кемеге окшоп кеткен, дарыгер – радиологдун ордуна отуруу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болдук. Бул дарылоону толук жүргүзүүгө 10 мүнөт убакыт талап кылынат.  Бейтаптарга нур менен дарылоо жүргүзүүнүн графиги өтө тыгыз , мисалы, акыркы сеанс жүргүзүү түнкү саат он эки жарымга белгилениптир.

Дарылануучу палаталар, аба желдеткичтер жана атайын медициналык керебеттер менен камсыздалып,өзгөчө тазалыгы менен айырмаланат.

Биздин «Сункар» онкологиялык борборуна болгон саякатыбыз, Кыргызстанга, биз менен кошо жалпы жарандарыбыз эңсеген « Нур терапия борборун» куруу долбоорун ишке ашырууда, казахстандык клиника менен биргелешип иш алып барууну майда – чүйдөсүнө чейин толук талкуулоо менен аяктады.

Кабыл алынган чечим тууралуу биз сиздерге жакынкы күндөрдө билдиребиз!

  АПАКЕ   

 

 

 

Көмөк