Биз 2022 ТЫШКЫ АУДИТтен өттүк!
01 июня 2023
Тышкы аудит
Биз коомчулуктун берген баасы жана ишкердик беделибиз менен сыймыктанабыз жана ачык-айкындуулукту, калыстыкты жана ачык кызматташууну камсыз кылуу менен өз ишмердүүлүгүбүздүн принциптерин улантабыз! Биздин фонддун негизги артыкчылыгы - заманбап краудфандинг технологияларында, биздин сайтта коомдук кайрымдуулуктарды чогултуу жана максаттуу пайдалануу процессин автоматташтырууда жана интеграциялоодо.
Эл аралык аудитордук Grant Thornton компаниясына көз карандысыз пикири жана кесипкөй сунуштары үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Тышкы аудиттин отчету менен www.apake.kg сайтынан таанышууга болот.