Кыргызстанда баарыбыз бирге - COVID 19га каршы!
31 марта 2020
Кыргызстандагы меценаттардын жана ишкерлердин демилгелүү тобу, Кыргызстанда коронавирусту массалык түрдө аныктоо боюнча социалдык долбоорду ишке киргизет.
Жакынкы күндөрдө «Бонецкий лабораториясынын» өндүрүштүк тармактык базасында ПЦР ( полимераздык реакция) жана ИХЛА ( иммуннохемюлинесценттик анализ) методдору боюнча аныктоо системасы ишке киргизилмекчи.
Долбоордо көрсөтүлгөндөй, бардык керектүү жабдыктар,тийиштүү материалдар жана реагенттер сатылып алынат. Мунун баары вирустук инфекцияны массалык түрдө аныктоо системасын түзүүгө мүмкүндүк берип, долбоордун биринчи этабында 50 миңдей лабораториялык тесттердин жардамы менен 20 миңдей адамды текшерүүдөн өткөрсө болот.
Долбоор толугу менен ишкерлердин жана меценаттардын кайрымдуулук каражаттарынын негизинде ишке ашмакчы.
Фонд, бул долбоордун демөөрчүлөрүнүн бири болмокчу. Ошондой эле биз, бул демилгени ишке ашыруу үчүн ачык кайрымдуулук каражаттарын чогултууну жарыялайбыз.
Биздин социалдык аброюбуз жана Фонддун сайтындагы автоматташтырылган отчеттуулугубуз бардык түшкөн каражаттардын айкындуулугун жана алардын максаттуу пайдаланылышын камсыздайт.
Фонддун реквизиттери (кыргыз сому менен):
Алуучунун аты-жөнү: "Апаке" Коомдук Фонду
Алуучунун эсеби: 1180000087356386
Алуучунун банкы: ЗАО "ДИКБ-Главный", Бишкек (Демир Кыргыз Интернэшнл Банк), .Чүй пр. 245
Фонддун реквизиттери (АКШ доллары менен):
Алуучунун аты-жөнү/ Beneficiary: Коомдук Фонду «Апаке»/Public Foundation “Apake”
Алуучунун эсеби/Account Number: 1280016037703004
Алуучунун банкы/ Beneficiary Bank: ЗАО «Кыргызский Инвестиционный-Кредитный Банк», Кыргыз Республикасы/ CJSC Kyrgyz Investment and Credit Bank, Bishkek, Kyrgyz Republic
SWIFT: KICBKG22
Correspondent bank: Deutsche Bank Trust Company Americas New York City, NY 10006, USA
SWIFT: BKTRUS33
Account # of KICB 04-416-441
Фонндун реквизиттеринин толук тизмесин бул жерден алсаңыздар болот РАСЧЕТНЫЙ СЧЕТ ФОНДА "COVID 19
Урматтуу бизнесмендер, ишкерлер, Кыргызстандын жарандык активисттери жана жалпы эле биздин жарандарыбызга жардам берүүнү каалагандар, COVID 19ду массалык түрдө аныктоо үчүн өз салымыңыздарды кошууга чакырабыз.
Бул тууралуу кеңири маалыматты - биздин сайтыбыздан жана Фонддун социалдык тармактарынан окусаңыздар болот
Апаке" Фондунун инстаграм жана Апаке" Фондунун Facebook баракчалары