Фонддо нак эмес төлөмдөр аркылуу кайрымдуулук көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болду.

Фонддо нак эмес төлөмдөр аркылуу кайрымдуулук көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болду.

22 марта 2019

Урматтуу биздин окурмандар, салым кошуучулар жана «Апаке» менен дайым бирге болгон жарандар!

Фонддо нак эмес төлөмдөр аркылуу кайрымдуулук көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болду.

Биз элден түшкөн кайрымдуулук каражаттары аркылуу иш жүргүзгөндүктөн, биздин ишкердүүлүк  айкындуулукка, түшкөн акчалай каражаттарды  жеткиликтүү ички көзөмөлдөөгө багытталган.  Урматтуу социалдык салым кошуучулар, сиздердин алдыңыздардагы  бардык жоопкерчиликти түшүнүү менен бирге биздин Фонд Uniteller  интернет – эквайринг компаниясы менен келишим түздү.  Мындан ары Сиздер, «Апакенин» социалдык долбоорлоруна колдоо көрсөтүүнү, биздин сайттын «Кантип жардам берүү керек» бөлүмүндө өзүңүздөрдүн банктык картаңыздардын жардамы аркылуу жүргүзө аласыздар. Кайрымдуулук көрсөтүүнүн жолу эң жөнөкөй:  Сиздер кайрымдуулук каражатынын суммасын көрсөтөсүздөр, өзүңүздөрдүн тандоону тастыктайсыздар, төлөм маалыматын тересиздер жана «Төлөө» деген кнопканы басасыздар. Жөнөкөй жана ыңгайлуу!

*Uniteller –  эквайрингдин бардык тейлөө кызматын  көрсөткөн,анын ичинде салттуу кассалык чечимдерди камтыган, өзүн өзү тейлөө тармактарында банктык карталарды интернет – эквайрин аркылуу кабыл алган орусиялык процессингдик компания.

Компания, төлөм жүргүзүү учурунда  сиздин өздүк маалыматыңызды толугу менен коргоону камсыздоого кепилдик берет.  Uniteller  тейлемеси PCI  DSS  төлөм карталар индустриясынын маалымат коопсуздук стандартынын талаптарына туура келет. Компаниянын чечими PCI PA-DSS “нын талаптарына ылайык тастыкталган. Төлөм карталарын мыйзамсыз пайдалануу багытындагы алдамчылык иштерди  болтурбоо иретинде күнү – түнү  көзөмөл жүргүзүлүп турат.  

Uniteller менен биздин Фонддун кызматташуусу – сиздердин кайрымдуулук каражаттарыңыздардын  коопсуздугунун кепили боло алат! Сиздерге , ишенимиңиздер жана чын ниеттен көрсөткөн кайрымдуулугуңуздар үчүн ырахмат!

 

 

интернет эквайринг Uniteller

Көмөк