Кыргызстанда Нур терапия борборунун долбоорун ишке ашыруу үчүн социалдык – инвестициялык сунуштун бетачары болуп өттү

Кыргызстанда Нур терапия борборунун долбоорун ишке ашыруу үчүн социалдык – инвестициялык сунуштун бетачары болуп өттү

27 июня 2017

2017 – жыл, 23 – июнь.

Жума күнкү иш – чарадан фотоотчет. – Нур терапия борборунун бетачары

Кыргызстанда Нур терапия борборунун долбоорун ишке ашыруу үчүн социалдык – инвестициялык сунуштун бетачары болуп өттү

23 – июнда, Бишкекте «Апаке» КФ Кыргызстанда Нур терапия борборунун (НТБ) курулуш долбоорунун бетачарын өткөрдү. Иш  чаранын максаты –  финансылык мекемелер  жана социалдык ишкерлер аркылуу мекенибиздеги бизнес – коомчулугун бириктирип, көпчүлүктүн  көңүлүн онкологиялык оорулардан жабырлангандарды дарылоого буруу.

Жолугушуунун жыйынбашчылары - Тольбаев Бабур, Борборду куруу идеясынын демилгечиси, «Апаке» КФ Көзөмөлдөө Кеңешинин төрагасы; Султанбекова Чолпон, КРнын Вице – премьер министри, Абдыгулов Толкунбек, Улуттук Банктын башкармалыгынын жетекчиси, Кудайбергенова Индира, КРнын радиологдор жана онкологдор бирикмесинин жетекчиси, ошондой эле Орус – Кыргыз ϴнүгүү Фондунун өкүлдөрү  жана  социалдык ишкерлер.

Бетачарда, бардык катышуучулар менен журналисттер бизнес план жана долбоорду социалдык донорлор аркылуу инвестирлөөнүн шарттары тууралуу толук маалымат ала алышты.

НТБнун идеясы жана максаты – онкология менен жабырланган бейтаптарды, жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган жана жеткиликтүү баада нур менен дарылоочу заманбап борборду куруу. Долбоордун алдын ала эсептелген наркы – 10, 5 миллион долларды түзөт. Анын ичинен, 2 миллион долларды, финансылык мекемелер жана социалдык ишкерлер тарабынан, бөлүнгөн каражатты кайра кайтарып берүү жолу менен чогултуу пландаштырылууда. Ал эми калган 8,5 миллион долларды, ири эл аралык финансылык институттардын берүүсү күтүлүүдө.

Varian компаниясынын заманбап «TrueBeam tm STх» ырааттуу тездеткичтери нур менен дарылоону сапаттуу жүргүзүү менен бирге, онкологиялык оорулууларды дарылоодо универсалдуулукту, жетишээрлик  өткөрмө жөндөмдүүлүктү, ишенимдүүлүктү, коопсуздукту жана канаттандырарлык көтөрүмдүүлүктү камсыздайт.

«Биз, Кыргызстандын бизнес өкүлчүлүгүнө чакырык таштадык.

 Бизде , ишкер тарабынан борборду куруу үчүн белекке берилген жер тилкебиз, МФУ тарабынан кепилденген 100 000 $, коммерциялык банк тарабынан бөлүнгөн 100 000 $, социалдык ишкерибиз берген 100 000 $ бар. Мындан тышкары, биз, Борбордун имаратын курууда, кыргызстандык курулуш компаниясынан 100 000  $  өлчөмүндө жеңилдик ала алабыз. Эгерде дагы 17 адам , ар бири 100 000 $  өлчөмүндө салым кошууга макул болсо, биз долбоорду баштоого даярбыз» - деп, «Апаке» КФ төрагасы белгилеп кетти.

Көмөк