«Көз караш» - көзү азиздер үчүн жаңы социалдык долбоор

«Көз караш» - көзү азиздер үчүн жаңы социалдык долбоор

06 марта 2020

Азиздердин муктаждыктары жөнүндө

«Апаке» Фонду 2020-жылы Кыргызстандын  азиздер Федерациясынын «Көз караш» аттуу жаңы долбооруна колдоо көрсөтүүнү чечти. ϴткөн жылкы  көрүү мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын коомдо ыңгайлашып кетүүсүнө арналган программада атайын рельефтик-чекиттик,  Брайл шрифтинин (манжалардын) жардамы менен окуп жана жазганды үйрөтүүчү  курс бар. Бирок, өлкөбүздө, көзү азиз жарандарга ылайыкташкан атайын адабияттар керектүү өлчөмдө жокко эсе.  Ошол себептен Федерациянын инструкторлору фонддун чектелген китептерин колдонууга жана программанын катышуучулары үчүн окуу куралдарын өз колдору менен жасоого мажбур болуп келишет.

Арыз тууралуу

Азиздер үчүн атайын китепкананы өнүктүрүүгө арналган «Көз караш» аттуу жаңы долбоор, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы билим маданияты жана маалыматтар менен тоскоолдуксуз камсыз болуусуна багытталат. Брайл китептеринин компьютердик басылмасын камсыздоочу программаны жана техникалык базасын даярдаган долбоордун демилгечилери болгон азиздер Федерациясынын жетекчиси менен биргеликте, биз басылмаларды автоматтык түрдө даярдоону пландаштыруудабыз. Муну менен биз, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы билим алуусу үчүн  ата мекендик жана чет элдик , жекече өсүү жана социалдык ыңгайлашууга арналган өзгөчө китепкананын фонду менен камсыз кылмакчыбыз.

Бюджет тууралуу

Долбоор бир жылга эсептелип, жалпы наркы 700 (жети жүз) миң сомду түзөт. Бул мезгил ичинде азиздер китепканасынын фонду 600 жаңы брайлдык китептер менен толукталып, билим алуунун сапатын жана атайын китепкананын окуучуларынын жалпы билим деңгээлин жогорулатмакчы.

Биздин Фондго ишеним жана колдоо көрсөткөн ар бир донорго ыраазычылык билдиребиз жана кайрымдуулук көрсөтүүнү каалагандардын баарын чакырып кетебиз!

#НачниЖитьИначе #ПроектыФондаАпаке #СлюбовьюКЛюдям #незрячие #ловз

Көмөк