«Үй-бүлө – ар бири үчүн» социалдык долбоорунун абалы - КРнын Эмгек жана Социалдык өнүгүү Министрлигинен колдоо.

«Үй-бүлө – ар бири үчүн» социалдык долбоорунун абалы -  КРнын  Эмгек жана Социалдык өнүгүү Министрлигинен колдоо.

10 июля 2019

«Үй-бүлө – ар бири үчүн» социалдык долбоорунун абалы -  КРнын  Эмгек жана Социалдык өнүгүү Министрлигинен колдоо.

Долбоордун катышуучуларынын жарымы, өз үй-бүлөлөрүнө бала асырап алууну каалаган ата-энелер тийиштүү документтерин даярдап бүтүштү жана бардык жолжоболордон өтүүгө даяр. 

Бүгүн биздин Фонд КРнын Эмгек жана Социалдык өнүгүү Министрлигинен  колдоо кат алды, ал катта Ош облусунун жана Ош шаарынын Эмгек жана социалдык өнүгүү Башкармалыгынын жетекчилигине , бала/кыз асырап  алуу тартибине

Мыйзамдуулуктун чегинде колдоо көрсөтүүсүнө көрсөтмө берилген.
Бардык бала асырап алуучу ата-энелердин  жана биздин долбоордун атынан КРнын Эмгек жана Социалдык өнүгүү Министринин Орун басары Солтонбекова Ализа Карыпбековнага , бул келечектүү ишке жардам көрсөтүүгө даяр экендигине ыраазычылык билдиребиз!
«Үй-бүлө- ар бири үчүн!» - бул жөн гана айтылып калчу нерсе эмес, бул Сиздер менен биргеликте жете турган  көксөгөн тилегибиз!
#семьядлякаждого #проектыапаке #ош #kyrgyzstan

Көмөк