«Нур Терапия Борборунун» статусу – 23 – март 2019

«Нур Терапия Борборунун»  статусу – 23 – март 2019

27 марта 2019

«Нур Терапия Борбору» долбоору жөнүндөгү кеңири маалыматты Тольбаев Бабурдун инстаграм жана youtube каналынан , «Апакенин» Көзөмөлдөө Кеңешинин Председателинин @trillionerov каналдарынан көрүңүздөр.

2017 – жылдын январь айында ырааттуу тездеткичти сатып алууга, каражатын кайтарым   жолу менен жардам берүүчү инвесторду табам деп убада берген элем. Мен бул ишти бир жылда ишке ашырууну каалагам, себеби бардык оңтойлуу шарттар бар эле, тилекке каршы , бул иш эки эсе көп убакытты талап кылды.

Жыйынтыгында мен кубанычтамын, анткени долбоор иш жүзүнө аша баштады жана ырааттуу тездеткичти сатып алууга бардык каражат бар, биз инвесторлорду таптык! Мен мурда жазып кеткендей, биздин «Мол Булак» компаниясы каражаттын көп бөлүгүн чыгарды жана ¼ бөлүгүн эң жакшы бир туугандар/достор берип жатышат,  мен аларга чексиз ыраазымын.

Алардын бири өлкөбүздөгү эң бир социалдык – жоопкердүү ишмер – Акунбеков Эрлист, ал көп суммадагы каражат бөлдү, экинчиси , андан кем эмес социалдык – жоопкердүү бизнесмен М.А. (аты – жөнүн атабоону өтүндү).

Нур Терапия Борборун ишке киргизүү үчүн, ырааттуу тездеткичтен башка дагы жер тилкеси, дарыгерлер/клиника, бункер, компьютердик томограф жана башка атайын жабдыктар менен материалдар керек.  Мисалы , бизге, баасы кеминде 500 000 доллар турган атайын компьтердик томограф керек болот. 

Кыскасы, иш жүрүп жатат! Биз, ϴкмөттүн, Мэриянын жана башка бардык мамлекеттик ишканалар менен жеке адамдардын колдоо көрсөтүүсүнө ишенебиз. ϴзүмдүн жазылуучуларымды, кесиптештеримди жана шериктештеримди бул пост менен бөлүшүп кетүүсүн  өтүнөм.

Ырааттуу тездеткич – бул өзүнчө тема, жана биз бул маселени жабабыз, мен, Нур Терапия Борборун курулуш материалдары, курулуш иштери жана башка керектүү материалдар булагы менен камсыз кылабыз  жана колдойбуз деп убада беришкен көптөгөн досторубуз жана шериктештерибиз бар экендигин эсиңиздерге сала кетким келет. 

Эмесе кезек сиздерде! Достор, баарыңыздарды биригүүгө чакырам! Аз калды.
Бардык соц.тармактарга бөлүшкөнүңүздөргө ыраазычылык билдиребиз, менин  инстаграм  каналым @trillionerov #линейныйУскоритель #ЦЛТ #Апаке #Apake

Көмөк