"COVID-19" долбоорунун статусу

"COVID-19" долбоорунун статусу

23 апреля 2020

Долбоор жөнүндө

Ишкерлер менен меценаттардын демилгечи тобу, коронавирустук инфекциянын жайылуусунун  алдын алуу  боюнча Республикалык штабы жана Саламаттыкты сактоо Министрлиги,  «Бонецкий лабораторияларынын» тармактары менен биргеликте,  Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо Министрлигинин  өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар жана республикалык карантиндик Борборунун алдында , атайын долбоор үчүн жаңы түзүлгөн «вирустук жана сейрек кездешүүчү инфекцияларды изилдөөчү Лабораторияларынын» өндүрүштүк базасында COVID-19 илдетин массалык лабораториялык аныктоо системасын ишке киргизишти.

Долбоордо көрсөтүлгөндөй, биринчи фазасында ПЦР-методу аркылуу 10 миң тестке эсептелген лабораториялык аныктоо системасы жүргүзүлөт.

Аныктоо  процедурасы жөнүндө

«Бонецкий лабораториясы» тармагынын башкы директору Артем Лыжиндин сөзү боюнча, жарандардын лабораториялык изилдөөгө анализ тапшыруусу,  Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо Министрлигинин жолдомосу менен белгиленген тартипте жүргүзүлмөкчү.

«Биз бул долбоор менен бир айга жакын иштедик, абдан чоң иштер жүргүзүлдү.  Бизге, КРнын Саламаттык сактоо Министрлиги эбегейсиз колдоо көрсөттү.  Кол коюлган келишимдин алкагында бизге бардык талапка жана стандартка туура келген имарат беришти.   Азыркы учурдан тартып биз, коронавирус инфекциясын аныктоо боюнча 3055 ПЦР-тестин бекер жүргүзүүгө даярбыз.  Биринчи кезекте, биз калктын социалдык аярлуу катмарларына, дарыгерлерге, мүмкүн, укук коргоо кызматкерлерине  көңүл бурабыз. Биз тандоо укугун Саламаттык сактоо министрлигине беребиз жана алардын чечими менен лабораториянын базасында тесттерди жүргүзөбүз» - деп, Лыжин белгилеп өттү.

Каржылоо тууралуу

Долбоор толугу менен ишкерлер жана меценаттардын кайрымдуулук каражаттарынын негизинде ишке ашырылат.  Бул демилгени  эң биринчи колдогон, «МБулак» кичикредиттик компаниясынын генералдык  директору -  Бабур Тольбаев болду. Компания, реагенттерди сатып алууга,  ошондой эле ЖККна (жекече коргонуу каражаттарына) 65 миң доллар   жана керектүү технологиялык жабдыктарды сатып алуу үчүн 61 миң доллар каражат бөлдү.

Бүгүн, долбоорду ишке киргизүү  күнүндө, «МБулак» компаниясы, реагенттер үчүн  дагы кошумча 35 миң доллар каражат бөлүүнү чечти.  «М Булак»  компаниясынын жалпы салымы 161 миң долларды түзөт.  Мунун баары, мамлекеттик лабораторияларга, вирустук инфекцияны массалык түрдө аныктоо боюнча  жардам берүү системасын түзүүгө өбөлгө болду.

Кайрымдуулук каражаттарын чогултуу тууралу

Бардык каалоочуларды өз салымын кошууга чакырабыз!

Ар бир жаран жана ар бир компания демөөрчү боло алат!

Долбоордун демөөрчүсү, "М Булак" Компаниясынын Генералдык Директору Тольбаев Бабурдун  сөзү бул жерде!

Демөөрчү болууну каалагандар үчүн «Апаке» КФнун реквизиттери:

Сомдук эсеп:

Алуучунун аты-жөнү:  "Апаке" Коомдук Фонду

Алуучунун эсеби: 1180000087356386

Алуучунун Банкы: ЗАО "ДИКБ-Главный"

Доллар эсеби:

Алуучунун аты-жөнү:  «Апаке» Коомдук Фонду

Алуучунун Банкы: ЗАО «Кыргызский Инвестиционный-Кредитный Банк», Кыргыз Республикасы

SWIFT: KICBKG22

Долбор тууралуу кеңири маалыматты akchabar, бул жерден окугула!

Көмөк