«Үй-бүлө – ар бирибиз үчүн» социалдык долбоору ишин баштады.

«Үй-бүлө – ар бирибиз үчүн» социалдык долбоору ишин баштады.

19 июня 2019

Мына ошентип Ош шаарынан жана Ош облусунан 14 ата-эне «Үй-бүлө – ар бирибиз үчүн» социалдык долбоорунун  катышуучуларынан болууга моралдык жана психологиялык жактан даяр. Биз , 2019-жылдын 20-июнунан иштеп баштайбыз. Биздин тренинг программабыз АКШнын Огайо штатындагы жана Канаданын LAMB international социалдык кызматтар Институттарынын эл аралык эксперттери иштеп чыккан материалдардын негизинде түзүлгөн.

Биздин долбоордун биологиялык жана асыранды балдарды тарбиялоо жана психология жаатындагы тажрыйбалуу дасыккан эксперттери менен тааныштыра кетмекчибиз.

«Жооптуу Ата-энелер мектеби», Бишкек ш., беш жыл мурда түзүлгөн. Мектептин бардык иш-аракети, Кыргызстандагы ар бир баланын, алардын жекече өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга мээрим төгүп, кам көргөн үй-бүлөгө ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө багытталган.

Мектептин Эксперттери айтып беришет:

  • тагдыры татаал балдарды жакшы жашоого үйрөтүү жана баланын мурдагы өмүр баянын калыбына кандайча келтирүү;
  • Баланын жашоосундагы кээ бир окуялар анын жүрүм-турумуна кандай таасир тийгизет жана балага экинчи ирет доо кетирбестен, анын жүрүм-турумун жакшыртуу үчүн кандай тартиптерди колдонуу керек;

Зайнап Эшмуратова –«Үй-бүлө – ар бири үчүн» долбоорунун көз карандысыз Консультанты. «Коомдун аярлуу тобун коргоо жана өнүктүрүү Борбору» Коомдук фондунун жетекчиси. Зейнеп Эшмуратова, 20 жылдан бери өзүнүн коомдук ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет жана Бүткүл дүйнөлүк Банк, UNICEF тарабынан уюштурулган программалар боюнча социалдык долбоорлорго   тренер жана эксперт катары катышат. Биздин долбоордо Зейнеп Эшмуратова, катышуучулар менен балдарды асырап алууга берүүдөгү жана балдарды асырап алууга бергенден кийинки мамлекеттик структуралардын ролу жөнүндө ой бөлүшөт.

Мээрим Кашкаева – Ыктыярдуу Консультант, Ош шаары. Мээрим өзү бала асырап алуучу болуп эсептелет жана 10 жылдан берки турмуштук тажрыйбасына таянып, бала асырап алуучуларга кеңеш берет. Ал биздин долбоорго ассистент болууга кубануу менен макул болду жана долбоорго катышууну каалагандар үчүн алгачкы кеңештерин берди, ошондой эле тренингдин жүрүшүндө зарыл болгон учурда Мээрим тренингди кыргыз тилине да которуп бермекчи.

Анара Жоробаева – Ыктыярдуу консультант. Анара, бала асырап алуучуларга 10 жылдан бери кеп-кеңешин берип келет, ошондой эле өзүнүн көп убактысын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар (ОВЗ) менен иштөөгө арнайт. Анара, тренингдин башталышында кеңештик тандоо иш-чарасын өткөрдү жана тренингди уюштурууга жардам берди.

«Мол Булак» компаниясынын Ош аймагындагы кеңселеринин кызматкерлери Ош шаарынын жана Ош облусунун калкынын арасында алдыдагы долбоор тууралуу маалыматтарды жайылтууга жардам берүү менен бирге биздин топ менен жолугушууну жана  окутууну уюштуруу үчүн өздөрүнүн конференц-залын сунушташты.

Биз, «Апакенин» жооптуу жана кызыктуу иш-чарасын уюштурууга жардам бергендердин баарына ыраазычылык билдиребиз.

Бул иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан өнөктөштөрүбүз, натыйжалуу жыйынтыкка чын ниеттери менен жетүү үчүн, бекер иштешет.

Биз, «Апакенин» жооптуу жана кызыктуу иш-чарасын уюштурууга жардам бергендердин баарына ыраазычылык билдиребиз.

Бардык катышуучуларга жана тренерлерге долбоордун ийгиликтүү башталышын каалайбыз!

#семьядлякаждого #проектыапаке #фондапаке #ош

 

 

Көмөк