«Экинчи кадам» аттуу жаңы социалдык долбоор башталды!

«Экинчи кадам» аттуу жаңы социалдык долбоор башталды!

11 октября 2018

«Апаке» фонду, сиздер менен жагымдуу жаңылыгын бөлүшөт. Биз, «Экинчи кадам» - жаңы социалдык долбоорун чоң жигердүүлүк менен баштайбыз. Бул долбоор, биздин Көзөмөлдөө Кеңеши тарабынан тандалган, учурда өтө маанилүү деп эсептелген 8 обьекттен турат.

Арыздардын эсеби, биздин финансылык бюджетибизге жараша кабыл алынды.

Колдоого алынуучу арыздардын көпчүлүгү балдарга жана кышка камылга көрүү маселелерине арналды!

Биз, 5 миңден ашык :1,5 жаштагы наристелерден тартып мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана ден соолугу чектелген балдарга, алардын ата – энелерине, мугалимдер менен тарбиячыларга, ошондой эле Мекенибиздин алыскы булуң – бурчтарындагы айыл жашоочуларына пайдалуу жардам көрсөтө алаарыбыз менен сыймыктанабыз.

Эмесе, «Экинчи кадам», Кыргызстандын Ысык – Көл, Баткен, Ош, Жалалабат , Чүй облустарына жана Бишкекке багыт алат!

Көмөк