«Ак – Бата» мектебине – заманбап жабдуулар!

«Ак – Бата» мектебине – заманбап жабдуулар!

04 октября 2018

Бишкекке жакын жайгашкан «Ак – Бата» айыл массивиндеги орто мектептин мугалимдери, « Апакенин» талапкерлери «Биринчи кадам» долбоору боюнча мектепке тартууланган белектерди окутуунун жүрүшүндө өздөштүрүүнүн алгачкы кадамдары менен тааныштыруу иретинде, бизди мектепке чакырышты.

Мектеп мугалимдери,  сенсордук экрандын жана проектордун жардамы менен жаңы материалдарды жеткиликтүү түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жаңы мультимедиалык жабдыктардын жардамы менен  өтүлүүчү сабактар окуучулар үчүн мазмундуу жана натыйжалуу боло алат.

Урматтуу биздин социалдык жардам берүүчүлөр!

Сиздер кайрымдуулук каражатыңыздар  аркылуу, шаар четиндеги мектептин жүздөн ашуун окуучуларынын мектеп турмушун жакшыртууга салым коштуңуздар.

Учурдан пайдаланып, биз жалпы Мугалимдерди жана билим жаатындагы кесипкөй кызматкерлерди  Мугалимдер Күнү менен куттуктайбыз! Асыл эмгегиңиздер менен, Сиздер, өлкөбүздүн келечегине ээ болуучу жаңы муундарды тарбиялап жатасыздар! Сиздерге, ийгиликтүү окуу жылын, чыгармачылык күч – кубат жана көөнөрбөгөн өсүү жолун каалайбыз!!!

 

Көмөк