«Үй-бүлө – ар бирибиз үчүн» - ишин баштады!

«Үй-бүлө – ар бирибиз үчүн» - ишин баштады!

02 июля 2019

«Үй-бүлө – ар бирибиз үчүн» - ишин баштады!

Биздин долбоордун катышуучулары – ар бири өз тарыхы менен, кээ бири үч жылдан бери бала асырап алууга аракет жасап келишсе, кээ бирине «алгачкы кадам жасаганга» кайраттуулук жана чечкиндүүлүк жетишпейт. Биздин катышуучулар – Кыргызстандын түштүк аймагынын ар кайсы бөлүгүнөн, турмуш шарты жана билими ар кандай, маданияты, салт – санаасы менен айырмаланган  ар түрдүү эл өкүлдөрү. Бирок алардын баарын бир гана максат жана ой-тилек бириктирип турат – жок дегенде сүйүктүү ата-энесиз калган бир балага бакыт тартуулоо.

Долбоордун адистери, бала асырап алуудагы, аны тарбиялоодогу керектүү билими , өздөрүнүн жеке тажрыйбалары менен ой бөлүшүштү. Жетим балдардын психологиясы боюнча теоретикалык окуутуудан тышкары,  case study практикалык сабактары өтүлүп, биргелешкен  аракеттин негизинде  ар бир ата-эне үчүн бала асырап алуу боюнча алдыдагы пландар түзүлдү.

Катышуучулардын дээрлик бардыгы бала асырап алууга даяр экендиктерин билдиришти.  Алардын айтуусу боюнча аймактардагы адамдардын көпчүлүгү бала асырап алуу мүмкүн экендиктерине ишенишпейт жана иштин жүрүшү кымбатка түшүп, узакка созулат деп эсептешет экен. Тренингден кийин шыктанган ата-энелер бул ойдон чыгарылган кептерди жокко чыгарып жана өздөрүнүн башка мекендештерине ишенимдүү үмүт берүүнү каалагандыктарын билдиришти.

Эксперттерибиз, бала асырап алуунун жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрүбүзгө бардык пайда болгон суроолор боюнча кеп-кеңештерди беришип, коштоп жүрүшмөкчү.

Келечектеги бала асырап алууну каалаган ата-энелерге өздөрүнүн баласын таап алууда  жана ал балага бакыт тартуулоодо ийгилик каалайбыз!

Тренинг боюнча видеону бул жерден көрсөңүздөр болот!

Көмөк