Баткен районунун Көк-Тал айылы таза суу менен камсыздалды

Баткен районунун Көк-Тал айылы таза суу менен камсыздалды

28 августа 2020

Объект аяктады

"Апаке" Фонду, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Тал айылында "Учунчу Кадам" жалпы долбоорунун аяктагандыгы жөнүндө кубаныч менен билдирет. 50 жылдан ашуун убакыттан бери, айылдыктар ичүүчү суу жеткирүүдө кыйынчылыктарды жана ыңгайсыздыктарды баштан өткөрүп  келишкен. Демилгечи, илимпоз агроном Мирзалим Асранкуловдун, тургундардын өздөрү жана "М Булак" компаниясынын менеджери Марат Кожомбердиевдин жардамы менен, азыр 600дөн ашуун адам таза сууну колдонуп, коопсуз жашай башташты. Балдар, аялдар жана карылар азыр сууну үйлөрүнүн сыртына тартып алуу ыңгайына ээ болушту.  Мындан тышкары, биз резервуарды оңдоп чыктык, азыр топтолгон суу запастарынын агып кетиши жок.

Долбоордун жалпы баасы 239,500 сом.

Демилге үчүн айыл активисттерине жана "М Булак" компаниясынын менеджери Марат Кожомбердиевге ушул кайрылууну ишке ашырууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Өлкөбүздөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, аткаруу мөөнөттөрү аргасыз түрдө 2020-жылдын жай айынын аягына жылдырылды.

Апакеге кошулуп, биз менен жакшы иштерди жасаңыздар!

помощь нуждающимся в благотворительной поддержкеблаготворительый проект в Баткенской областиПомощь нуждающимся жителям Баткенской области

Көмөк