С Днем Матери в Кыргызстане!

С Днем Матери в Кыргызстане!

19 мая 2019

Апа,өмүр тартуулоо менен бирге эле –ар дайым камкордук көрүп,балдарды коргоп,жардамга муктаж болгондордун кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн,асыл баалуулуктардын булагы. Эненин жүрөгү күн сыяктуу бардык жерде баарыбызга тегиз тийип,өз мээрими менен жылытып турат. Апа гана бизди сүйүүгө,боорукердикке үйрөтүп,балалык бактылуу сезимдерди ойготуп,асыл иштерге шыктандырат. Ал биздин эң мыкты досубуз ,акылман кеңешчибиз. Апа-биздин коргоочу периштебиз. Апанын жан-дүйнөсүн аныктаган ушул сапаттар муундан муунга адеп-ахлактуулуктун пайдубалын орнотуп келет. Апа гана,өзү жашаган коомдун өнүгүүсүнө багыт койгон ,улуттук таанымын ,биримдигин жана кадыр баркын бекемдөөгө умтулган, өлкөбүздүн адептүү жана мекенчил жарандарын тарбиялоодо негизги ролду ойнойт.

Көмөк