Кайрымдуулук каражаттарын чогултуу боюнча социалдык Акциялардын жыйынтыктары!

Кайрымдуулук каражаттарын чогултуу боюнча социалдык Акциялардын жыйынтыктары!

20 сентября 2018

«Апаке» фонду, өзүнүн Миссиясын аткаруу үчүн, күндөн күнгө ишенимдүү кадам шилтеп келет. «Апаке» фондунун жемиштүү ишинин мисалы катарында «Мол Булак» компаниясы менен ийгиликтүү өнөктөштүктү айта кетсек болот. Сиздер менен, «Мол Булактын» жалпы өлкөбүз боюнча кардарларынын арасында, элдик кайрымдуулук каражатын чогултуу Акциясын жүргүзгөндүгүнүн жыйынтыктарын бөлүшкүбүз келет.

«Мол Булактын» Генералдык Директору, Тольбаев Бабурдун шыктандыруучу демилгесинин жана «Мол Булактын» алдыңкы кеңселеринин кызматкерлеринин активдүүлүгүнүн , кардарларга адептүү багыттама берүүсүнүн негизинде, 2 айдын ичинде  фондго 490 440 сом каражат түшкөн. «Мол Булактын» 8 000 дөн ашуун кардарлары өздөрүнүн колдон келген салымдарын кошуу менен бирге, келечектеги социалдык иштерге катышууга даяр экендиктерин билдиришти. ϴлкөбүз боюнча жүргүзүлгөн акцияга  түшкөн кайрымдуулук каражаттарды кылдат талдоонун жыйынтыгында, кардарлардан эң көп каражат топтоого Ысык – Көл облусунун кеңселери чыкканы аныкталды. Буга байланыштуу, биз кийинки долбоорго, добуш берүүдө эң мыкты рейтингге ээ болгон Ысык – Көл облусунун өтүнүчүн сөзсүз кошобуз! «Мол Булактын» жалпы коллективине жана фондго жардам бергендерге – берешендиги үчүн чоң ырахмат айтабыз!

Учурдан пайдаланып, «Мол Булактын» жетекчиси жана «Апаке» фондунун шыктандыруучусу, Бабур Латихановичти туулган күнү менен куттуктайбыз:  - Урматтуу Триллионер Триллионерович (Бабур Латиханович Тольбаев),туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктообузду кабыл алып коюңуз! Биз сизге чын ниетибизден бакубаттуулукту, үй – бүлөңүзгө тынчтыкты жана  сүйүү каалайбыз!  Көөнөрбөгөн эргүү, күч – кубат жана чыгармачылык бийиктиктер Сизди узак жылдарга жандап жүрсүн!

Көмөк