«Нур терапия борбору –Ошто!»

«Нур терапия борбору –Ошто!»

22 июня 2018

«Апаке» Фонду, 2018-жылдын июнь айынын алгачкы күнүн  Ошто өткөрдү.  Казахстандык, «Сункар» медициналык клиникасынын жетекчилиги жана дарыгерлери башында турган өнөктөштөрүбүз менен бирге облустук мамлекеттик  бийлик өкүлдөрү менен жолугуштук.

Жыйынтыгында, биз Ошто Нур терапия борборун куруу чечимин кабыл алдык

Бул чечимди биз, Мамлекеттик аймактарды өнүктүрүү программасына салым кошуу жана өлкөбүздүн түштүгүндөгү бейтаптарыбызга сапаттуу дарылануу мүмкүнчүлүгүн  ачып берүү максатында кабыл алдык.   СебебиКыргыз Республикасынын 60% дан ашык калкы  түштүктө жашашат.  

Облустук аткаруу бийлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда, биз, облусттар аралык онкологиялык борбордун аймагына Нур терапия борборун курууну пландаштырууну , онкологиялык дарттан жабырлануучуларды комплекстүү дарылоонун ажырагыс бөлүгү катары кароо керектигин айтып өттүк. Нур терапиясы , хирургиялык жана химия терапиясынын  кошумча курамы катары эсептелет.

Нур терапиясы жүргүзүлүүчү компьютердик томография киргизилген  ырааттуу тездеткич, жогорку сапаттуу прибор катары мүнөздөлөт.

Ырааттуу тездеткичтин гамма нурларынан өзгөчөлүгү, нурлануу шишиктин гана айланасында жүргүзүлүп, башка өтө маанилүү органдарды нурлануудан коргоону камсыздайт.

Ырааттуу тездеткичтин кандайча иштегенин, биз бир ай мурда «Сункар» медициналык борборуна барганыбызда көрдүк.

Нур терапиясын колдонгон учурда химия терапиясынын саны 30%га азаят дагы бейтаптын иммуннитеттик системасын сактап калатНур терапия Борбору үй шартында дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүү менен бирге адамдын эмгекке жөндөмдүүлүгүн тездетет.

Нур терапиясы дарылоонун этиет түрү болуп эсептелинет дагы , дарылануудан кийин ооруунун кабылдап кетүү деңгээлин төмөндөтөт.

Жолугушуу учурунда долбоор тууралуу маалымат берүүдөн тышкары, биз, Кыргызстандагы онкологиялык кызматтын учурдагы көйгөйлөрүн дагы талкууладык.

ϴлкөбүздүн ири максаттарга жетишүүсү үчүнкалктын ден-соолугун жана жашоо турмушун жакшыртыпөлүмдүн санын азайтып, онкологиялык ооруулардын алдын алууну өнүктүрүүнүн зарылдыгын   баарыбыз түшүнөбүз.

Коркунучтуу шишиктин  пайда болуусунун баштапкы учурунда нур терапиясы 99% га сакайып кетүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Долбоорду баштаганга чейин, дарыланып жаткан бейтаптардын абалы менен таанышуу үчүн , биз «Сункар» онкологиялык борборунун радиолог-дарыгерлери менен биргеликте бекер маалымат-кеңеш берүү иштерин уюштурдук.

22-июнда Бишкек жана Ош шаарларында кабыл алууга жазылуу аяктайт.

23-24 июнда казахстандык дарыгерлер  бейтаптарды көрүү үчүн келишет.

Жакынкы күндөрдө , онкологиялык ооруулардын алдын алуу максатында, Кыргызстандын аймактарына «медициналык кербен» уюштурууну көздөп жатабыз.

Андан тышкары, Ош шаарындагы жаңы борбор курулуп бүткөнгө чейин, Оштогу облустар аралык онкологиялык борборунда, казахстандык радиологдор менен биргеликте  , бейтаптар үчүн мультидисциплинардык топтордо  медициналык корутундуларды даярдоону жүргүзүү пландаштырылууда.

Эгерде, нур терапиясын колдонуу зарыл болсо, «Сункар» клиникасы   бейтаптарга дарылануунун баасын жеңилдетип берүүгө даярФонддун өнөктөшү , «Мол булак финанс» микрокредиттик компаниясы, дарыланууну каалаган бейтаптарга, ислам негиздери  аркылуу жеңилдетилген финансылык каржылоону сунуштайт  жана бейтаптын жол жүрүү акысын, дарылануу учурунда жашап жана тамактануусу үчүн кеткен  чыгымдарды толугу менен өз мойнуна алат.

 

Көмөк